Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Фото: Таластын беш бармагы кантип даярдалат?

Turmush -  Кыргыз элинин улуттук тамагы беш бармакты жасай билүү кыргыз аялзаты үчүн милдет. Аймактык кабарчы Талас шаарында 15 жылдан бери ашпозчу болуп иштеген Рустам Айтмырзаевден беш бармак жасоонун сырларын сурады.

- Беш бармак тамагы жөнүндө айта кетсеңиз. Эмне себептен беш бармак деп аталып калган?

- Беш бармак — бул ата-бабаларыбыздан калган конокторго берилүүчү сыйлуу тамак. Бул тамак колубуз менен жеп, беш бармагыбыз тийгенден улам, беш бармак деп аталып калган дешет.

- Беш бармактын түрлөрү болобу?

- Беш бармак 2 түрдө берилет. Мисалы, азыр 1-2-тамак деп сунгандай, беш бармак алгач күлчө түрүндө, экинчи шалдама түрүндө берилет. Казанга суу куюлуп, тузу туура салынып, устаканга тартылуучу эт 2 сааттай кайнаган соң жасалган камыр салынып бышырылат. Беш бармактын жакшы болгону камырынан көз каранды.

- Камырды кантип туура даярдайбыз?

- Камырды ийлеп, чыйрак кылып жууру керек. Андан кийин 10 мүнөттөй тыныктырып коюп, бөлүктөргө (субала) бөлүп, дагы тыныктырып коюп, андан соң жаябыз. Камыр катуу жуурулса бири-бирине жабышпай бириндеп бышат.

- Ашпозчунун көз ченеми менен субалалар канча граммдан болсо болот?

- Беш бармактын субаласы жайганда ыңгайлуу болуп, 600 граммдай болот. 1 субаладан 3 илеген камыр чыгат.

- Камырды жайдык, андан кийинки кадам кандай болот?

- Камырды жайып, кесип даярдаган соң казандагы этти чыгарып, кайнап жаткан шорпого камырды бирден салабыз. Негизи жаңы жайылган камыр калыңдыгы орточо болсо 6 мүнөттө бышат. Илегенге чыгаргандан кийин чык куюп, устукан салып тамакты сунабыз.

- Чыкты кантип жасоо керек?

- Чык жасоо үчүн камыр сала электе шорпонун майын калкып алып, пиязды майда туурап, кара калемпир кошуп, бир нече мүнөт кайнатабыз. Чыкта негизи пияздын даамы болгондуктан тамактын даамын чыгарат.

- Ал эми шалдама камырдын сыры барбы?

- Негизи биринчи күлчө устакан менен тартылгандан кийин камыр колдо майдаланып тууралат. Чыкка тууралган эт кошуп аралаштырылат. Шалдаманын шорпосун ар ким өз табитине жараша куюп алат. Беш бармак тамагын өзгөчө кылганы менимче кол менен желгенинде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу