Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

63 жыл мурун турмуш курган Батма апа: Абышкам экөөбүз чогуу чай ичип отурганыбыздын өзү сүйүү (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Жаңы-Маданият айылында жашаган карыялар Ибрагим Сатылганов менен Батма Сатылганова 63 жыл мурун үй-бүлө курушкан. Бул аралыкта кыйынчылыктар менен жакшылыктарды бирге көргөн жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

81 жаштагы карыялар балдарынын өмүрүн тилеп, жакшылыктарга күбө болуу менен сый-урматка бөлөнүп турган чагы.

IMG-20170214-WA0088

- Батма апа, абышкаңыз менен кантип таанышып, канча жашыңызда турмушка чыккансыз?

- Биздин айылга абышкам трактор айдап барган эле. Ортомчулар аркылуу таанышып, 17 жашымда келин болуп келдим. Ал убакта кызды алып келүү ыкмасы башкача болчу. Азыркы жаштарга ал окуялар күлкүлүү болушу мүмкүн. Мени эки жеңем эшек арабага эки төшөк салып алып коштоп келген. Ошентип, 1954-жылдан бери чогуу жашап жатабыз.

- Бул аралыкта пикир келишпестиктер болдубу?

- Жок, биз эч качан кыйкырышып урушкан жокпуз. Бул тарбиябызды балдарыбызга да үйрөттүк. Кыйынчылыкты сабыр менен жеңип, бири-бирибизди түшүнүү менен жашап келе жатабыз. Азыркы жаштар бирөөгө баш ийгиси келбейт. Ал убакта ортодо түшүнбөстүктөр пайда болсо, урушуп отурбастан дароо өзүбүздөн улуулардан кеңеш сурачубуз. Биздин бул ыкмабызды балдарыбыз да колдонуп, жакшы жашап жатышат. Бардык нерсе туура тарбия берүүдөн башталат. Үй-бүлө — чакан мамлекет. Аны уратпай сактап калуу үчүн эркекке аял жардам бериши керек.

- Канча баланы тарбиялап өстүрдүңүздөр?

- Сегиз баланы чогуу тарбияладык. Учурда ар биринин өз бүлөсү бар. 42 небере-чөбөрөлүү болдук. Буюрса жакында кыбыралуу болобуз.

- Бүгүн, 14-февралды жаштар сүйүү күнү деп белгилешет. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Сүйүү үчүн атайын бир күн майрам эмес. Сүйсөң өмүр бою майрам. Эгер сүйүүнүн кадырына жетсе жаштар бири-бирин сүйүп баш кошкону жакшы. Биздин убакта бул сүйүү майрамы жок эле.

- Сиздердин сүйүүңүздөр сакталдыбы? Айтайын дегеним, сүйүү балага, небереге өтүп кетпейт бекен?

- Өмүрлүк жарга болгон сүйүү эч качан өчпөйт. Баш кошкондо бири-бириңди кандай издесең, карыганда ого бетер байланып каласың. Абышкам экөөбүз чогуу чай ичип отурганыбыздын өзү сүйүү болуп жатпайбы. Биз баарын түшүнүүгө аракет кылабыз. Балдарыбыз, неберелерибиз сүйгөнүнө баш кошуусуна жардамдашып, өздөрүнүн каалоосуна койгонбуз. Биз сүйүүнү сыйлайбыз. Чыныгы сүйүү картайганда далилденет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3265
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
lordu87
12:30, 15 февраля 2017
Бактылуу карылыкты бизге да насип кылсын!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу