При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Видео - Өзбекстандагы кыргыз окуучулар Кыргызстанга салам жолдошту

Turmush -  Бүгүн, 13-февралда Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драм театрынын артисттери жана маданият кызматкерлери Өзбекстандын Наманган облусундагы мамлекеттик университетти, ишканаларды жана башка окуу жайларды кыдырышты. Бул тууралуу Бабур театрынын продюсери Дилмурод Ишанов билдирди.

Алар намангандык кыргыз улутундагы окуучулар менен да жолугушту. Окуучулар эки өлкөнүн достугу тууралуу сөз кылып, Кыргызстанга салам айтышты.

Мурда маалымдалгандай, 11-февралда кыргызстандык маданият кызматкерлери Андижан облусунда «Айкөл Манас» спектаклин көрсөтүшкөн.

Театрдын артисттери бир апта бою Андижан, Наманган жана Фергана шаарларында «Айкөл Манас» спектаклин тартуулашат. Буга чейин топтогу 46 адамдын бардык чыгымдарын өзбек өкмөтү каржылап жатканын аталган театрдын директору Набижан Мамажанов билдирген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 835
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×