Turmush - Нарын районунун Куланак айылындагы А.Аралбаев орто мектебинин 11 жаштагы окуучусу Байэл Кадыралиев менен 13 жаштагы Тилек Чыңгызов муздан «Мерседес» унаасын жасашты. Бул тууралуу жаш активист Медер Бекматов билдирди.
Анын айтымында, муздан жасалган унаанын көлөмү кадимки унааныкындай. Аны жасоого окуучулардын 20 күндүк мээнети кеткен.
«Бизге ата-энебиз жардам берди. Кызыл боекту атабыз алып берген. Биз карды үйгө чогултуп, ага суу куюп муз кылып жасап койдук», - деди Тилек Чыңгызов.