Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Оштогу театрдын артисттерин Наманган облусунун кире беришинен салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драм театрынын артисттери жана маданият кызматкерлери кечээ, 12-февралда Өзбекстандын Наманган облусуна барышты. Аларды облустун кире беришинен маданият кызматкерлери салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Бабур театрынын продюсери Дилмурод Ишанов билдирди.

Мурда маалымдалгандай, 11-февралда кыргызстандык маданият кызматкерлери Андижан мамлекеттик университетинде билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушкан. Анын алкагында Андижан облустук куурчак театрында «Айкөл Манас» спектакли жогорку деңгээлде тартууланды.

Театрдын артисттери бир апта бою Андижан, Наманган жана Фергана шаарларында «Айкөл Манас» спектаклин тартуулашат. Буга чейин топтогу 46 адамдын бардык чыгымдарын өзбек өкмөтү каржылап жатканын аталган театрдын директору Набижан Мамажанов билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 999
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу