Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Н. Мадаминов «Кыргызтелеком» АКК башкармалыгынын төрагасы болду

Turmush -  «Кыргызтелеком» АКК башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Мадаминов шайланды. Бул тууралуу Tazabek компаниянын басма сөз кызматына шилтеме берип маалымдады.

Жаңы жетекчини жамаатка бүгүн, 2-февралда ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Бекзат Үсөнканов тааныштырды.

«Мадаминов башкармалыктын төрагалык милдетин аткаруу менен интернеттин баасын төмөндөтүү боюнча маселени жөнгө салды», - деди Б.Үсөнканов.

Ушул жылдын 22-декабрынан тартып Н.Мадаминов компаниянын төрагалык милдетин аткаруучу болуп иштеп баштаган.

Өмүр баяны:

1970-жылы 24-декабрда төрөлгөн.

Билими:

- 1988-1993-жылдары М.А.Бонч Бруевич атындагы Ленинград электротехникалык байланыш институту;

- 2009-2012-жылдары Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

- 1994-1997-жылдары Бишкек шаарындагы «Кыргызтелеком» электр байланыш мамлекеттик ишканасында электромонтер, инженер;

- 1997-2003-жылдары «Кыргызтелеком» ААКта 2-даражадагы инженер, жетектөөчү инженер, Шаар аралык жана эл аралык байланыш борборунун директору;

- 2003 -2011-жылдары «Кыргызтелеком» ААКтын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы филиалында башкы директор;

- 2011-2013-жылдары -«Кыргызтелеком» ААКтын вице-президенти — административдик директору;

- 2013-2015-жылдары «Ай-элемент» ЖАКтын техникалык директору;

- 2016-жылы «Сергек» ЖАКтын директору болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2802
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×