Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкектеги «Ататүрк – Ала-Тоо» университети террордук уюмга байланышкан окуу жайлардын тизмесине кирди, - ЖМК

Turmush -  Бишкектеги «Ататүрк – Ала-Тоо» эл аралык университети Фетхуллах Гүлендин террордук уюму менен байланышкан окуу жайлардын катарына кирди. Мындай айыптоону Стамбул прокуратурасы билдиргенин түркиялык басылмалар жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, аталган түзүм террордук уюм менен байланышы бар делген 17 университеттин тизмесин жарыялаган.

Алар:

- Вирджиниядагы Америка ислам университети жана эл аралык университет;

- Албаниядагы Bedir университети;

- Азербайжандагы Кавказ университети;

- Грузиядагы эл аралык Кара деңиз университети;

- Казакстандагы Сулейман Демирель атындагы университет;

- Кыргызстандагы «Ататүрк – Ала-Тоо» эл аралык университети;

- Түркмөнстандагы эл аралык түркмөн-түрк университети;

- Румыниядагы Лумина-Түштүк-Чыгыш Европа университети;

- Босния жана Герцеговинадагы Burch эл аралык университети;

- Ирактагы Işık университети.

Бул боюнча «Ататүрк – Ала-Тоо» эл аралык университетинин өкүлдөрү азырынча билдирүү тарата элек.
Түрк бийлиги Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3927
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу