Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-февраль

При поддержке MegaCom

Фото - Ак-Талаанын Коңорчок айылындагы дыйкандар 2 кабаттуу элиталык үйлөрдү курушту

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында акыркы жылдары кымбат баалуу турак үйлөр курулуп жатат. Айылдагы 300гө жакын түтүндө 1,5 миңге жакын адам жашайт. Элиталык үйлөрдүн көпчүлүгүн дыйканчылык менен алектенген тургундар куруп жатат, деп билдирди айыл өкмөт башчысы Арстан Акиев айматык кабарчыга.

Коңорчок айылы райондун борборунан 50-55 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калктын көпчүлүгү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.

«Айыл ичинде жаңы үлгүдө курулган 4-5 үй бар. Анын айрымдары 1 кабаттуу мансард түрүндө курулса, айрымдары 2 кабаттуу элиталык үйлөр десек болот. Ошондой эле, жаңыдан курулуш иштерин баштагандар бар. Мындай үйлөрдүн курулушу айылга дагы көрк берет. Айыл эли дыйканчылыктан тапкан ак эмгеги менен жакшы жашоого жетишүүдө», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×