Turmush - Бүгүн, 28-январда Баткен облусунун атынан 16-январда Дача аймагындагы авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалыматка караганда, гуманитардык жардамдар менен кошо акчалай жардамдар да берилди. Баткен облусу буга чейин да гумжардамдарды жөнөткөн.
Ошондой эле, авиакырсыктан бүт үй-бүлөсү мерт болуп, жалгыз калган 7 жаштагы Жакшылык Шералиевге жардамдар жөнөтүлдү.