Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Ошто жаан жааганда эски троллейбустардын үстүнөн суу өтөт, - активист (видео)

Turmush -  Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган троллейбустардын айрымдарынан жаан-чачын жааган убакта суу өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Айбек Таалайбек уулу билдирди. Ал белгилегендей, шаардагы троллейбустардын эскилиги жеткен.

«Мен троллейбуска түшүп отурсам үстүбүздөн суу акты. Мындай көрүнүш жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратат. Тиешелүү кызматтар көзөмөлгө алуусу зарыл», - деди ал.

Ош шаардык автобустар паркынын жетекчиси Расулбек Мурзагулов троллейбустардын эскилиги жеткенин жана суу өткөн троллейбус оңдоло турганын айтты.  

Буга чейин Ош шаардык мэриясынан ушул жылы жаңы троллейбустар алынып келе турганы кабарланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9937
Көп окулду
×