При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо депутаттарды Куран карматып добуш бердиртишти (фото)

Turmush -  25-январда Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо депутаттар Куран кармап добуш беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоонун алдында жергиликтүү 100гө чукул тургун айыл өкмөттүн имаратынын алдына чогулушту. Алар Куран китеп алып келип, айылдык кеңештеги 11 депутаттан: «Мен калыс жана адилеттүү айыл өкмөт башчысын өз каалоом менен шайлайм», - деп айтып добуш беришин талап кылышты. Депутаттардын айрымдары даараты жок экенин айтып Куран кармап добуш берүүдөн баш тартышты.

Жыйынтыгында 5 талапкердин арасынан Сталбек Капарбеков 4 добуш, Бурул Мусаева 2, Нурбек Марыкеев 2, Алтынбек Дүйшекеев 2, Узак Болоталиев 1 добуш алды. 2-турда Сталбек Капарбеков 8 добуш алып, айыл өкмөт башчылыгына шайланды.

С.Капарбеков 1972-жылы туулган. 1989-жылы Жумгал орто мектебин бүтүргөн. 1989-1994-жылдары орто педагогикалык окуу жайды бүтүрүп, ушул эле айылдагы М.Өмүрканова орто мектебинде дене тарбия сабагы боюнча мугалим болуп иштеген. 1995-1999-жылы И.Арабаев атындагы КМУдан тарых адистигин алган. 2002-2004-жылдары айылдагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштесе, 2013-жылдан бери мектептин директору.

Жаңы айыл өкмөт башчы үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
terminator
09:32, 30 января 2017
жакшы отмазка, даараты жок экен деп
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×