Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Orbit, Dirol, Mentos сагыздарынын жана Aquafresh, Sensodyne тиш пастасынын курамындагы боёк рак оорусун козгошу мүмкүн

Turmush -  E171 (титан диоксиди) түрүндөгү тамак-аш боёгунун ден соолукка коркунуч алып келе тургандыгы тууралуу европалык гастроэнтерологдордун айткандарын Scientific Reports басылмасы жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, өзгөчө тиш паста жана сагыздардын курамындагы E171 (титан диоксиди) боёк рак клеткаларын ойготушу мүмкүн экендигин изилдеп чыгышкан.

Бүгүнкү күндө E171 (лат. Titanium dioxide) тамак-аш өнөр жайында негизги продукт болуп саналат. Ал тамак-ашта агартуучу каражат катары колдонулат. E171 (титан диоксиди) кошулмасын көбүнчө таттуу тамак-аштардан, сагыздардан, тиш пастасынан ошондой эле күндөн коргоочу бет майлардан кезиктирсе болот.

Дүкөндөрдү текшерүү учурунда элдер күнүгө колдонуучу кээ бир азыктарда аталган кошулма бар экендиги аныкталган. Мисалы:

- «Orbit» сагызы

IMG_3872

- «Mentos» сагызы

IMG_3874

- «Aquafresh» тиш пастасы

IMG_3866

- Балдар үчүн арналган «Aquafresh сүт тиштер» тиш пастасы

IMG_3868

- «Sensodyne» тиш пастасы

IMG_3865

Эл аралык сандык системасына ылайык, «Е» тамгасы Европаны билдирген — атайын код. Ал эми сандык код тамак-ашка кошулган кошулмаларды мүнөздөйт. Бир санынан башталган код боёкторду билдирет.

E171 тамак-аш кошулмасы түссүз кристаллдардан турат. Аны ысытканда сары түскө айланат. Аталган кошулманы жыттаган учурда рак клеткаларынын ойгонушуна алып келет.

Гастроэнтерологдор чычкандарга эксперимент жасап, алардагы рак клеткаларынын пайда болушуна күбө болушкан. Бул изилдөөлөргө карабастан Добавкам.нет. басылмасы E171 тамак-аш кошулмасынын ден соолукка зыяны жок экендигин айтууда.

E171 кошулмасын «Alpen Gold MAX FUN» шоколадынан, «Dirol» сагызынан, «M&M's» таттуусунан жана «Pelikan» краб палочкасынан кездештирүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3711
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу