Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Ош

Месси Оштогу «Достук» командасы менен көк бөрүгө түшөт

Turmush -  Ош облусунун «Достук» көк бөрү командасынын түзүлгөнүнө 5 жылдын жүзү болду. Бул тууралуу команданын капитаны Байыш Ниязов билдирди.

Анын айтымында, командада 12 спортчу ойнойт.

«Биз 5 жыл мурда Туташов Мыктыбек аттуу демөөрчүнүн демилгеси менен түзүлгөнбүз. Учурда командада 12 бала ойнойт. Улак тартыш оюнунун коңшу Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө чыгып ойноп келе жатабыз. Ар бир оюнчунун өзүнүн аты жана номурлары бар. 9чу жана 12чи номурдагы балдар өздөрүнүн каалоосу менен чыгып кетишкен. Алардын ордуна балдарды алууну караштырып жатабыз», - деди ал.

Кыргызстанда белгилүү көк бөрүчү бир тууган Байыш, Кыяз жана Манас Ниязовдор да ушул командада ойношот. «2016-жылдын мыкты оюнчусу» наамын Манас Ниязов алган.

Достук командасынын курамы жана минген аттары:

1. Ниязов Байыш - Спартак

2. Султанбеков Бабаравшан (Бауш) - Каракуш

3. Иманбеков Акбар - Барс

4. Майлибашов Таши - Алай

5. Исаков Ильяс - Чагылган

6. Аскаров Аскат - Амадор

7. Таалайбек уулу Баку - Браслет

8. Ниязов Кыяз - Месси

9. Молдокулов Самат – Девятка

10. Ниязов Манас – Бойка

11. Мукаев Белек - Байрак

12. Бөкөнбаев Рамхат - Рекорд.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15465
Көп окулду
×