Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Фото - Баткендик ишкер Б.Нурдинов кыргыз калпактарынын түрүн чыгарып, Америка, Түркия жана Европанын өлкөлөрүнө сатууда

Turmush -  Баткендик жаш ишкер Баатырбек Нурдинов кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпактын бир нече түрүн чыгарып, чет өлкөлөргө сата баштады.

Turmush басылмасынын кабарчысы жаш ишкердин эмгектери менен таанышып келди.

Б.Нурдинов Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков айылында 1984-жылы төрөлгөн. Түркиядагы Стамбул университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

«Кыргыз калпактарынын түрүн чыгаруу идеясы нарындык досторума таандык. Алар бул ишти баштап, бирок улантпай калгандыктан, келинчегим экөөбүз алардан сатып алып, ишти уланта баштадык. Учурда бизде 7-8 адам иштейт. Бул калпактар заманбап стилде жасалат жана ар бир куракка туура келет. Арасында спорттук стилдеги калпактар дагы бар. Бишкекте азырынча кеңсе сатып алып, иштеп жатабыз. Калпактар чет өлкөлөргө дагы жөнөтүлүп жатат. Индияга бир партия жөнөттүк. Андан соң, Америкага, Түркия жана Европанын кээ бир өлкөлөрүнө үлгү түрүндө жөнөтүп жатабыз. Баасы дизайн-стилине жараша 1500 сомдон 2000 сомго чейин сатылууда», - дейт Б.Нурдинов.

Жаш ишкердин айтуусунда, ар бир калпак колго жасалгандыктан, бир калпакты жасап, кургатып даярдоо бир топ убакытты талап кылат. Ошол себептен азырынча айына 100-200 даана калпак жасалууда.

«Улуттук кийимдерге кызыгуу болгон үчүн бул идеяны ишке ашырууда көп кыйынчылык деле болгон жок. Иштин башында жаңы стилдеги калпактарды бирден жасап, көпчүлүк адамдардын ой-пикирин уктук. Кайсыл стил жана кайсыл түстөгү калпактарга талап көп болгондугун билгенден кийин гана массалык түрдө жасай баштадык. Өзүм чет өлкөдө узак убакыт жашагандыктан, кыргыздын кийимдерине да кызыгып, чет өлкөдөгү досторго да Кыргызстандан келгендерден улуттук кийимдерди алдырып, белекке берчүмүн. Алар да аябай суктанышчу. Кыскасы өзүбүздүн улуттук баш кийимибизди дүйнөгө таанытууну ойлонуп жүрчүмүн. Эми бул максатымды акырындык менен ишке ашырып жатам» - дейт ал.

Б.Нурдинов үй-бүлөлүү. Келинчеги Таттыбүбү экөөнүн Даниль аттуу бир уулу бар. Учурда Бишкек шаарында жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10217
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
gama123
12:00, 27 января 2017
Соонун калпактар экен....
Нет аватара
elmira-10
09:02, 25 января 2017
Азаматсың Баатырбек
Нет аватара
salamandra
21:40, 24 января 2017
very good! well done
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу