При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

«Жеңеке»: Чоң-алайлык үй-бүлөгө келин болгон орус кызы Алиса ислам динин кабыл алып, кыздарына кыргызча тарбия берүүдө (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Чоң-Алайга келин болгон орус кызы Гигина Алиса Владимировна. Аны жолдошу Кайрат 11-классты аяктагандан кийин ала качып алган.

Алиса 1996-жылы Казакстандын Павлодар облусунда төрөлгөн. Жолдошу экөө Бишкектеги мектепте бирге билим алышкан.

Алиса
Маектешүү учурунда алар кантип таанышканын Алисанын суранычы менен Кайрат айтып берди.

«Мен 11-класста мектептеги окуучулардын үстүнөн көзөмөлдөөчү шок балдардын бири элем. Жыл сайын мектепте 14-февраль сүйүшкөндөр күнү деп атайын кутуча илинчү. Мага 5-6 кыз кат жазыптыр. Алардын катарында уйгур, дунган кыздары жана Алиса да бар эле. Катты окуп, алардын ичинен Алисага жооп жаздым. Мен аны сыртынан тааныганым менен кандай кыз экенин жакшы билчү эмесмин. Мага кат жазган кагаздын экинчи бетине дароо жооп жазып, окуучу балдардан берип жибердим. Ошол күнү сабак бүткөндө жолугушуп, жакындан таанышып, жакшы кыз экенин билдим. Эмне үчүн ошончо кыздын ичинен Алисаны тандадым? Себеби башкалардан айырмаланып «жообун күтөм» же «сөзсүз жооп жаз» деген талаптары жок болчу. Кыскача гана мени жактырарын жазыптыр.

Биз 4 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. 11-классты аяктап жатканда 23-май күнү 2 досум Алисанын дос кыздарына үйлөнүштү. Ошол күнү кечинде биз достор арасында үчүнчү болуп баш коштук. Үйгө ала качып барсам, ата-энем Алиса ислам динин кабыл алса макулдугун берээрин айтышты», - деди Кайрат.

Алиса дароо ислам динин кабыл аларын айтып, эки тараптын ата-энелеринин макулдугу менен нике кыйылган.

«Кыргыз үй-бүлөгө өз каалоом менен келин болгондуктан баарына көнүшүм керек эле. Жолдошум Чоң-Алайдын кулуну болгондуктан мен жасаган тамактар анын ашказанына жеңил сезилчү. Кайын энемдин жардамы менен улуттук тамактарды жасоону үйрөндүм.

Бир күнү күрүчтөн аш демдей турган болдум. Күрүчүн салсам суу көп болуп калгандай. Күрүч кошсом дагы деле суу көмүп калды. Суюк тамак болуп калбасын деп дагы күрүч коштум. Бир маалда суусу жок калып, күрүч бышпай калды. Кайра күрүчтүн үстүнө суу куйдум. Жыйынтыгында бир казан толо аш бышкан. Мындай кызыктуу окуялар абдан көп болду», - деди Алиса.

Жаш жубайлар алгачкы перзенттүү болгондон кийин Чоң-Алайга көчүп келишкен.

«Кызыбыз төрөлгөндөн кийин Чоң-Алайда бир жыл жашадык. Жайлоого чыгып, ал жактагы жумуштарды аткардык. Мал саап, сүт тартып, курут жасадым. Жолдошум бошобой калган учурда малга чөп салып, сууга айдап барып келчүмүн. Аны менен жолдошумдун тааныштарынын, туугандарынын: "кыргыз кызга үйлөнсө болмок" деген сөздөрү курулай кеп экенин далилдегим келди. Кайындарым заманбап үй-бүлө болгондуктан жоолук салынбай жүрүүгө уруксат беришкен. Бирок, кайын журтка болгон сый мамилем болсун деп жолугумду чечпейм. Чачымды да кара түскө боеп жүрөм», - деди Алиса.

Учурда Алиса менен Кайрат үчүнчү наристесин күтүп жатышат. Алар Камила, Амина аттуу эки кыздын ата-энеси. Кыздарына кыргыз тилинде тарбия берип жаткандыктан орус тилиндеги сөздөрдү түшүнүшпөйт. Жаш үй-бүлөнүн ашканасында жумасына бир ирет орус элинин улуттук тамактары жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6678
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×