Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-февраль

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк 27 жаштагы Самат булгаарыдан бут кийим тигүүчү цех ачты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 27 жаштагы тургуну Самат Касмалиев булгаарыдан бут кийим тигүүчү цех ачты.

Ал кыялын кантип орундаткандыгын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайга тапшырууну чечтим. Ал жакты окуп бүткөндөн кийин анын баары мен үчүн эмес экендигин түшүндүм. Андан кийин Бишкек шаарына бардым. Бут кийим чыгаруучу фабрикага окуучу болуп кирдим. Ал жакта иштин бардык сырларын үйрөндүм. Андан кийин 5 жыл адис болуп иштеген соң кайра айылга келдим», - дейт ал.

С.Касмалиевдин бут кийим чыгаруучу цех ачуу демилгесин айыл өкмөт колдоого алып, райондук администрацияга сунуш жөнөтүшкөн.

«Атайын жабдыктарды сатып алуу үчүн 300 миң сом талап кылынды. Биз сунуш менен аким К.Жудеевге кирдик. Ал дароо эле бул демилгени колдоого алды. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аркылуу каражат бөлүндү. Бир айдан соң жабдыктарды алып келишти. Учурда жумуш жүрүп жатат. Цех муниципалдык ишкана болуп эсептелинет. Жакында эле Юстиция министрлигинен каттоодон өттү», - деди Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ариф Сабырбаев.

Учурда Самат дагы 4 адам цехте иштеп жатышат. Алар жаңы моделдеги бут кийимдерди тигүүдө.

«Учурда биз аялдардын жана эркектердин маасысын, кышкы бут кийимдерди, туфлилерди тигип жатабыз. Белгилей кетсек, биз жасалма булгаары колдонбойбуз. Ошондуктан биздин бут кийимдер сапаттуу. Кытайдын арзан бут кийимдерин алгыча булгаарыдан тигилген бут кийим сатып алган оң. Аны кийип жүрүү дагы жагымдуу. Эми төрт сезонго ылайыктуу бут кийимдерди тигүүнү пландап жатабыз», - дейт жаш ишкер.

Самат эми өзүнүн продукциясын чыгарган дүкөн ачууну пландоодо. Цехте түрдүү моделдеги сумкалар да тигилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×