При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Таластык уста Н.Осмонов үйлөрдү заманбап стилде жасалгалайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын тургуну Нусупкан Осмонов 16 жылдан бери устачылык менен алектенип келет.

Ал Э.Капалов атындагы орто мектепти аяктагандан кийин атасынын жолун жолдоп, устачылык менен алектенип баштаган.

«Атам темир уста болгон. Кичинемден атамдын жанында жүрүп, там курганды, жыгач, темир устачылыкты үйрөнгөм. Ал эми акыркы жылдары үйлөрдү заманбап стилде жасалгалоону үйрөндүм. Учурда үйлөрдүн сырткы жана ички бетин жасалгалоого буюртма алып жатабыз. Бир бөлмөнүн аянты 30 чарчы метр болсо, аны жасалгалоого 15 миң сом жумшалат. 10 күндүн ичинде толугу менен жасап бүтөбүз», - дейт уста.

Н.Осмонов үй-бүлөлүү, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7087
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×