Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Учак талкалаган айылды 200дөн ашык адам тазалап жатат (фото)

Turmush -  Боинг-747 учагы кулаган аймакта тазалоо иштерин бүгүн, 21-январда 200дөн ашык адам жүргүзүп жатат. Тазалоо иштерине ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин милиция кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана «Манас» аэропортунун кызматкерлери чыкты. Ошондой эле, жарандык коргонуунун 13 техникасы бар, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Куткаруучулар үчүн жылынып, эс алууга атайын пункттар уюштурулду. Ошондой эле, ысык тамак берилип жатат.

Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 16-январда саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 38 адам (37 адамдын аты-жөнү такталды) каза болуп, 23 үй талкаланды. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болгон. Көз жумгандардын арасында 4 ай мурун төрөлгөн наристе жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүт үй-бүлөсүн жоготту.

Азырынча кырсыктын себептери тактала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал учуу-конуу тилкесине коно албай үйлөрдүн үстүнө кулаган. Кыйраган учак түркиялык авиаишканага таандык. Учактын ичинде 85 тонна ар кандай жүк болгону айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×