Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Дональд Трамп — АКШнын 45-президенти: Чоң салтанат менен өткөн инаугурациядан фоторепортаж

Turmush -  Американын борборунда кечээ, 20-январда 45-президент Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс чоң салтанат менен ант берип, кызматка расмий киришти. Жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдагандай, инаугурация белгиленген күн салтанаттуу иш-чаралар, жаңы жетекчилерге колдоо көрсөткөндөр менен каршы чыккандардын акциялары менен коштолду.

0

Салтанаттуу түрдө ант бергенден кийин Дональд Трамп АКШнын президенти катары биринчи жарлыкка кол коюп, Ак үй жаңы администрациянын программасын жарыялаганын Трамптын катчысы Шон Спайсер жарыялады.

Кол коюу аземи президенттин иш бөлмөсүндө өтүп, ага Республикалык партиянын лидерлери, демократиялык азчылык фракциянын лидери Нэнси Пелоси жана жаңы президенттин үй-бүлөсү, балдары, неберели күбө болду.

CNN телеканалынын маалыматы боюнча, инаугурация учурунда Вашингтондо Трамптын президент болушуна нааразы болуп, башаламандык жараткан 90дон ашык адам кармалды.
Анын жүрүшүндө бөтөлкөлөр, ар кандай таштандылар ыргытылып, полициянын бир нече кызматкери жаракат алды. Андан улам полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

АКШнын 45-президентин шайлоо

2016-жылдын сентябрь айында Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 276 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланган. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна ээ болушу керек.

Огайо, Флорида жана Түндүк Каролина сыяктуу маанилүү штаттарда жеңишке жетүү менен Трамп шайлоочулар коллегиясынын 215 добушун алган Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондон алдыга чыга алды.

Шайлоодон кийин Трамп Республикалык партиянын Нью-Йорктогу кеңсесине чогулган тарапташтарынын алдында сөз сүйлөгөн. Хиллари Клинтон телефон аркылуу Трамп менен байланышып, аны жеңиши менен куттуктаган.

Дональд Трамп 70 жашта. Ал – ири бизнесмен, Trump Organization курулуш конгломератынын президенти, оюн-зоок жана мейманкана бизнеси менен алектенген Trump Entertainment Resorts компаниясынын негиздөөчүсү.

Трамптын 5 баласы бар: Дональд-кенжеси, Иванка жана Эрик (биринчи жубайы Ивана Зельничковадан), Тиффани (экинчи жубайы Марла Мейплстан) жана Бэррон Уильям (үчүнчү жана азыркы жубайы Меланья Кнаус).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8055
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу