Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Миң-Куштагы 22 окуучу математик мугалимдин зордугуна чыдабай арыз жазды, - соцпедагог

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында жайгашкан Жусуп Сары орто мектебинин жогорку класстарынын айрым окуучулары математик мугалимдин ишмердүүлүгүнө нааразы. Бул тууралуу мектептин социалдык педагогу Айша Токтосунова кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мектептеги 9-класстын 22 окуучу алгебра сабагын окуткан мугалимдин зордук-зомбулугу уланып жатканын айтып чыгышкан. Ишеним кутучага салынган кат тууралуу соцпедагог А.Токтосунова аймактык инспекторго кабар берген. Андан соң райондук прокуратурага жиберилген. Бирок райондук билим берүү бөлүмү мектептин директору Мухамбет Жакыпбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, соцпедагогго сөгүш жарыялаган. Ал эми, мектептин директору математик мугалим Ж.Ч.ны жумуштан бошоткон.

Учурда бул иш райондук прокуратурада каралып жатат.

«Бул окуя 2016-жылдын 25-октябрында болгон. Ноябрь айында райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы К.Кыдыралиев келип, ишти жабуунун аракетин көрдү. Ал эми декабрь айында Жумгал РИИБ менен райондук прокуратура ишти карап баштады. Мага укук коргоо органдарына маалымат бергеним үчүн сөгүш берсе, мектеп директорун кызматтан негизсиз алып коюшту. Ал эми окуучуларга зордук көрсөткөн мугалимге чара колдонулбай, азыр кайрадан иштеп жатат», - деди А.Токтосунова.

Учурда мектептин мурунку директору райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысын сотко берсе, соцпедагог Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды.

Буга чейин Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин райондук мамлекеттик администрациясы билдирген.

Тиешелүү буйрукка 4-январда кол коюлган. Учурда билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин бөлүмдүн башкы адиси Кудайберген Чалов аткарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18549
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×