При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Айыл турмушу: Нарындык 77 жаштагы Байтур ата коньки тээп, жаштар менен хоккей ойнойт (видео)

Turmush -  Нарын районунун Кеңеш айылынын 77 жаштагы тургуну Молдобаев Байтур ата азыркы кезге чейин коньки тээп, хоккей ойнойт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, кышкы спорт оюндарын бала кезинен бери ойноп келет. Жаштар хоккей командасына кошсо хоккей мелдештерине да катышат.

«Мен конькини бала кезимден баштап эле тээп келем. Мурда лыжа да тепчүмүн. Жашым өтүп калганынан аны таштап койдум. Азыр коньки менен эле алаксып калдым. Мурун бизде азыркыдай жаңы коньки жок болчу. Эски, кыйшак, жешилип сынган коньки менен эле муз тээп үйрөндүк. Учурда муз тепкенге күндө келбесем да, 1 жумада 1 келип чер жазып кетип турам. Хоккей оюну болгондо кечикпей келип көрөм. Жашым өтүп калса дагы басып-турганым тың. Бул спорт менен машыгуумдун пайдасы», - деди ал.

Байтур ата 40 жыл автобус айдап, айдоочулук кесипти аркалаган. Учурда мал чарба менен алектенет. Сыналгыдан кышкы спорттук таймаштарды кызыгуу менен көрөт.

«Жубайым Майрамкүл Абдыкасымова экөөбүздүн баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 45 жылдын жүзү болду. 5 балам, небере-чөбөрөлөрүм бар. Бары жогорку окуу жайларды бүтүрүшкөн. Учурда бары жеке ишкерчилик менен алектенишет», - деди спортчу ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7708
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×