При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Кара-Суудагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жантөрөевдин башкы максаты — жакырчылыкты азайтуу

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүн Кантөрө Жантөрөев 2010-жылдан бери башкарып келет. Ал 1957-жылы төрөлүп, К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтун 1979-жылы аяктаган. Айыл өкмөт башчы инженер кесибинин ээси.

К.Жантөрөв

Кара-Суу районундагы алдыңкы айыл өкмөт

К.Жантөрөев эмгек жолун 1979-жылы Алай районунун Сары-Могол совхозунда коопсуздук боюнча инженер болуп иштөө менен баштаган. 1980-1984-жылдары «Госкомсельхозтехника» ишканасында башкы инженер, 1984-1988-жылдары Катта-Талдык асыл тукум кой заводунда башкы инженер, 1988-1991-жылдары Катта-Талдык айылдык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1991-1995-жылдары «Агроснаб» бирикмесинде жетектөөчү адис, 1995-2002-жылдары «Агроснаб» бирикмесинин автотехсервис бөлүмүнүн башчысы, 2002-2008-жылдары «Урмат» дыйкан чарбасынын башчысы, 2008-2009-жылдары Катта-Талдык айыл аймагынын жооптуу катчысы болгон. 2009-жылдан ушул күнгө чейин Катта-Талдык айыл аймагынын өкмөт башчысы болуп эмгектенип келет.

К.Жантөрөев айыл өкмөт башчысы болуп иштеген убакытта көптөгөн алгылыктуу иштерди аткара алды. Ал айыл өкмөт башчы болуп иштеп баштаганда айыл өкмөттүн бюджети (2010-жылы) 900 миң сом болсо, бул жылы бюджет 8 млн 440 миң сомго жетти. 

К.Жантөрөев «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгиси, Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак громатасы, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары жана башка бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Катта-Талдык айылдык аймагы боюнча кыскача баяндама:

Катта-Талдык айылдык аймагы Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Облустун борбору болгон Ош шаарынан 17 км, райондун борбору Кара-Суу шаарынан 35 км алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте турат. Жалпы аянты 24259 га, жеринин рельефи татаал. Катта-Талдык айыл аймагынын курамына Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Талдык, Ачы, Кызыл-Ордо, Эшме, Садирбай, Жаңы-Турмуш айылдары кирип, 8 билим берүүчү мектеп, 3 ГСВ, 5 ФАП, 4 спорт комплекси, 4 бала бакча, 2 китепкана, 5 тегирмен, 1 май чыгаруучу цех, 3 пахта атыруучу цех, дөңгөлөк желимдөөчү 2 жай, 2 унаа оңдоочу жай, 1 тигүүчү цех жана 1 асыл тукум кой заводу элге кызмат кылууда. Жалпы калктын саны — 15 миң 8 адам. Айыл аймактын борбору — Баш-Булак айылы.

Катта-Талдык айыл өкмөтү 1994-жылы айыл өкмөт болуп түзүлгөн. Айыл өкмөт жетишкендиктер боюнча 2012-жылдын жыйынтыгы менен облуста 3-орунду ээлеп, 50 миң сом, 2013-жылдын жыйынтыгы менен Кара-Суу районунда 2-орунду ээлеп, 100 миң сом, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо 1-орунду ээлеп, жеңил автоунаа менен сыйланган.

Инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү бюджеттен аткарылган жумуштар

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу Катта-Талдык айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө чоң таасир берери анык. Бүгүнкү күндө айыл аймактагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.

2014-жыл

ЮСАИД уюмунан 79 миң сом, жергиликтүү бюжеттен 55 миң сом, элдин салымынан 38 миң сом топтолуп, Баш-Булак айылындагы «Татына» бала бакчасынын балдар ойноочу аянчасы 172 миң сомго реконструкцияланды. Кызыл-Ордо айылынан Эшме айылына баруучу 1 км узундуктагы жол республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн 300 миң сомго асфальтталды. Ошондой эле, 2014-жылы Баш-Булак айылына Бүткүл дүйнөлүк жаштар асамблеясы тарабынан социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сметалык баасы 45 млн сомдук 36 батирлүү 18 үйдүн курулушу бүткөрүлүп, 680 миң сомго электр линиясы тартылып, 800 миң сомго суу түтүктөрү орнотулуп, колдонууга берилди.

Садирбай айылынын жаңы конуштарына 2 млн 500 миң сомдук электр трансформаторун орнотуу, электр линияларын тартуу иштери жүрдү. ДИАнын колдоосу менен Баш-Булак айылына 110 миң сомдук тигүүчү цех ачылып, кыз-келиндер иштеп жатышат. Кызыл-Ордо айылындагы сел алып кетүү коркунучу бар сайга 850 миң сомдук дамба курулду. Анын 650 миң сому БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланып, габион торчолор ӨКМ тарабынан берилди. Баш-Булак айылында жеке ишкерлер тарабынан 4,5 млн сомдук дарыкана толугу менен бүткөрүлдү. И.Сулайманов атындагы орто мектебинин чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 999 миң 978 сомго алмаштырылды.

А.Муратов атындагы орто мектебинин спорт аянчасы 475 миң сомго реабилитацияланып колдонууга берилди. Баш-Булак үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1 млн 725 миң сомго толугу менен оңдоодон өтүп, чатыры алмаштырылды. Айыл аймактын Кызыл-Ордо жана Баш-Булак айылдарында жеке ишкерлер тарабынан кум кыш чыгаруучу кичи ишканалар ишке киргизилди.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Талдык айылынын ички көчөлөрүнө электр чубалгыларын тартууга 498 миң 150 сом берилди. Жаңы-Турмуш айылына 94 миң 940 сомго электр мамылары орнотулду. Баш-Булак айылынын ички көчөлөрү 250 миң сомго жарыктандырылды.

А.Осмонов атындагы орто мектебинин ажатканасы 324 миң 952 сомго оңдолуп, О.Кожошев атындагы орто мектебинин айланасын тосууга 120 миң сом, Кара-Сөгөт айылынын 5 чакырым ички жолун тегиздеп, шагыл төшөө иштерине 700 миң сом бөлүндү. Айылдардын жаңы конуштарынын көчөлөрүнө 410 миң сомдук шагыл төшөө жумуштары аткарылды. Кызыл-Ордо айылына 2 млн 356 миң 400 сомго бала бакча ачылып, колдонууга берилди. Эки орто мектептин жана Баш-Булак үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу системалары 472 миң сомго алмаштырылып, Эшме айылына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган эстелик 162 миң сомго орнотулду. 130 миң сомго Талдык айылындагы суу агуучу канал тазаланып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында 68 миң сомдук жол белгилерин орнотуу жумуштары аткарылды.

2015-жыл

Республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы А.Жунусов атындагы орто мектебинде сметалык баасы 50 млн сомдук курулуш иштери бүткөрүлдү. Баш-Булак айылындагы «Татына» бала бакчасына сметалык баасы 2 млн 791 миң 978 сомдук кошумча имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулду. Анын ичинен жергиликтүү бюжеттен 279 миң 200 сомдук курулуш иштери жүргүзүлүп, колдонууга берилди. Кызыл-Ордо айылынан Эшме айылына баруучу 1 км жол, Кызыл-Ордо айылынын 1,2 км ички жолу республикалык бюджеттин эсебинен асфальтталды. Ошондой эле, 2015-жылы Баш-Булак айылына жабык типтеги кичи футбол аянчасы түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 997 миң сомго курулду. Анын ичинен 299 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу бүткөрүлдү. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 398 миң сомго Баш-Булак айылындагы ОПСнын имараты капиталдык оңдоодон өттү. 

Эшме айылындагы СВАнын имараты капиталдык оңдоодон өтүп, бала бакча ачылды. Талдык айылынын ички көчөлөрүнө 638 миң 115 сомдук электр мамычалары алынды. Ачы, Эшме айылдарындагы бала бакчаларга республикалык бюджеттин эсебинен 450 миң сомдук эмеректер алынып берилди. Айыл аймактын айылдарынын жаңы конуштарындагы ички көчөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 523 миң сомдук, демөөрчүлөр тараптан 450 миң сомдук шагыл төшөө жумуштары жүргүзүлдү.

2016-жыл 

Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 2016-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешенин көлөмү 7 232,2 миң сом болуп, план 119,7%га аткарылды.

2016-жылдын 12 айында Катта-Талдык айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Баш-Булак айылына сметалык баасы 1 млн 235 миң сомдук сквер колдонууга берилди. Садирбай, Кызыл-Ордо айылдарынын ички көчөлөрүнө 350 миң сомго түнкү жарыктандыруу жумуштары, Баш-Булак айылына 216 миң сомдук музей ачуу иштери, Баш-Булак, Ачы, Кызыл-Ордо, Садирбай айылдарынын жаңы конуштарына 1 млн 63 миң 900 сомдук электр мамычаларын орнотуу жумуштары, Ачы айылындагы Шамырбек уулу Темирбай атындагы орто мектебин 420 миң сомго капиталдык оңдоодон өткөрүү жумуштары, Баш-Булак айылындагы Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин алдына 400 миң сомдук асфальт төшөө жумуштары, мектептерге 466 миң сомдук интерактивдүү такталарды алып берүү жумуштары бүткөрүлдү.

Ошондой эле, Ачы айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен 281 миң 999 сомдук жаңы ФАПтын курулуш иштери, Садирбай айылындагы А.Жунусов атындагы орто мектебинин имаратын 2 млн 664 миң 850 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүп, бала бакча ачуу жумуштары, Талдык айылына 400 миң сомдук таза суу чыгаруу жумуштары, Баш-Булак, Эшме айылдарына 820 миң сомдук Беккари чуңкурун казуу жумуштары аткарылууда.

Социалдык маселелердин чечилиши

Катта-Талдык айыл аймагында 3 ГСВ, 5 ФАП кызмат кылууда. Калкка кызмат кылган 23 медицина кызматкеринин бешөө жогорку билимдүү дарыгерлер. Алардын 19у аялдар, 4ү эркек, жогорку даражадагы 3 дарыгер, биринчи даражадагы 8 кызматкер эмгектенет. Айыл аймактагы калктын саламаттыгын сактоо максатында социалдык жактан коркунуч туудурган оорулардын алдын алуу, аларды дарылоо иштерине жардам катары жыл сайын жалпы 300 миң сом каралат.

2016-жылы 3-декабрь — Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 70 миң сом бөлүнүп, 1-топтогу 16 майып жаранга 1000 сомдон, 293 майып жаранга 500 сомдон акчалай жардам берилди. Ошондой эле, аз камсыз үй-бүлөлөргө айыл өкмөттүн резервдик фондунан 68 миң сом акчалай жардам таратылды.

Калктын тамак-аш продукциялары, таза суу менен камсыз болуусу жана 1-4 класстардагы балдардын түшкү тамагын берүүдө санитардык-эпидемиологиялык абал дайыма көзөмөлдөнүп, тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Медициналык мекемелердин, ооруканалардын материалдык-техникалык базасы акырындап жаңыланып жатат.

Социалдык саясаттын башкы милдети — Катта-Талдык айыл аймагында жакырчылыкты азайтуу. Жакырчылыкты азайтуунун негизги приоритеттери — экономикалык жеке секторлорду кеңейтүү, чакан насыяларды көбөйтүү менен жаңы иш орундарын ачуу жана калктын кирешелерин өстүрүү.

Маданий эс алуу, билим берүү жана спорттук иш-чаралар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү 

Баш-Булак айылындагы спорт залга 300 миң сомго жабдуулар алынды. Мындан сырткары Баш-Булак, Талдык, Кара-Сөгөт айылдарындагы спорт залдарга демөөчүлөр тарабынан 1 млн сомго мат алынып берилди. Баш-Булак, Талдык, Кара-Сөгөт айылдарындагы спорт залдар керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жаштар грек-рим күрөшү, бокс, волейбол, футбол боюнча машыгууларды өткөрүп, бир катар ийгиликтерди жаратууда.

Нарын шаарында өткөн грек-рим күрөшү бонча Кыргызстандын биринчилигине 3 спортчу катышып, бири 3-орунду ээлеп келген. Ошондой эле, Ошто өткөн кикбокс боюнча Кыргызстандын биринчилигинде 3 спортчу байгелүү орундарга жетишти. Грек-рим күрөшү боюнча көптөгөн мелдештин жеңүүчүлөрү, Олимпиаданын күмүш медалын тагынган К.Бегалиев жана Ж.Кенжеев келип, машыккан балдарга ийгиликтерди каалап кетишти.

Айылдагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында майрамдарда спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, спортчуларга айыл өкмөт тараптан акчалай колдоо көрсөтүлүп турат. Ошондой эле, спортту өнүктүрүү максатында айыл аймактагы 8 мектеп катышкан өтмө кубок мелдеши жыл сайын уюштурулуп, жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом бөлүнөт.

Катта-Талдык айыл аймагында 2 айылдык маданият үйү, 2 айылдык китепкана иштейт. 2015-жылы 110 миң сомго Баш-Булак айылынын маданият үйүнүн отургучтары оңдолуп, жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда айыл аймактагы 8 орто мектептеги 2 миң 993 окуучуга 278 мугалим тарбия берип жатат. Бардык балдарды окууга тартуу, окуучуларга терең билим, тарбия берүү, мектептерге жетишпеген кадрларды толуктоо, мектептердин алдындагы көмөкчү чарбаларды кеңейтүү, окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, ата-энелер менен болгон байланышты күчөтүү багытындагы иштерди жандандыруу жумуштары аткарылууда. Айыл аймактагы мектептерде окуу-тарбия иштеринин сапатын жогорулатуу, билимдин сапатын көтөрүү, мугалимдер арасында усулдук тажрыйбаларды жайылтуу максатында жыл сайын «Жыл мугалими» кароо-сынагы өткөрүлүп, сынактын катышуучуларына айыл өкмөт тарабынан жыл сайын 8 миң сом акчалай сыйлык жана дипломдор берилип турат.

Мектептердин имараттарын оңдоодон өткөрүүгө жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 150 миң сомдон бөлүнөт. Учурда Н.Примбердиев, А.Жунусов, И.Сулайманов, А.Осмонов, Орто-Мечит атындагы орто мектептер интерактивдүү такталар менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
lordu87
10:31, 20 января 2017
Цитата: jaran12 10:18, 20.01.2017
Омуру бала бакча деген нерсе ойго келбеген Кызыл-Ордо айылына бакча ачылып, жолдор асфальтталган эле. Корсо, ал айыл ушул айыл окмоттун курамында экен да. Жакшы. Озгоруулор бар . Баштапкы корсоткучторго караганда

Биздин айыл Кызыл-Ордо айылынан жогору. Онугуу ошол жерге чейин гана келип токтоп калгандай. Асфальт жол да кызыл-ордо айылынын бутушу менен токтоп калган. Ооба, мектебин да эки кабат кылып салып койгон. Биздин айыл окмотко келип иштеп кетсинчи, суктанып кеттим
Нет аватара
lordu87
10:29, 20 января 2017
Цитата: jaran12 10:16, 20.01.2017
Ар бир айыл окмот бул сыктуу иштерди аткарган болсо, кыргызстан бат эле онугуп кетет. Жакшы иштерди аткарыптыр, дагы да Кыргызстандын осуп онугушуно салым кошо берсин. Жакшыны жакшы эле деш керек. Ийгилик каалап туралы.

анда онугуп жатыптыр. Жаман жакты эле айтып отура бербей кээде бул сыяктуу маалыматтарды да элге таанытып туруу жакшы экен. Конулум которулуп калды, онугуп жатыпбыз
Нет аватара
lordu87
10:28, 20 января 2017
Аз убакыттын ичинде ушунча онугуу болсо анда кыйын экен айыл окмот башчысы. Иш билги кыйын адам экен
Нет аватара
jaran12
10:18, 20 января 2017
Омуру бала бакча деген нерсе ойго келбеген Кызыл-Ордо айылына бакча ачылып, жолдор асфальтталган эле. Корсо, ал айыл ушул айыл окмоттун курамында экен да. Жакшы. Озгоруулор бар . Баштапкы корсоткучторго караганда
Нет аватара
jaran12
10:16, 20 января 2017
Ар бир айыл окмот бул сыктуу иштерди аткарган болсо, кыргызстан бат эле онугуп кетет. Жакшы иштерди аткарыптыр, дагы да Кыргызстандын осуп онугушуно салым кошо берсин. Жакшыны жакшы эле деш керек. Ийгилик каалап туралы.
Нет аватара
akipresscom
00:08, 20 января 2017
К.Жантороевдей жетекчи коп болсо Кара Суу районунун элдеринин жашоо шарты тез онолот эле,шаарга жакын болгону менен жашоо шартары томон,чечилбеген маселелер ото коп
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу