При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Пригородный айыл аймагындагы тилкеде кайрадан шайлоо өтөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагындагы №159 шайлоо тилкесинде эртең, 15-январда кайрадан шайлоо өтөт. Буга 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндөгү одоно мыйзам бузуулар тууралуу түшкөн арыздар себеп болгон. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы кабарчыга маалымдады.

Пригородный айыл аймагында 4 шайлоо тилкеси бар. Анын ичинен үч тилкеде шайлоо тынч өтүп, депутаттар шайланды. Ал эми №159 шайлоо тилкесинен депутаттыкка талапкер болуп катышып, жеңилип калган тарап жыйынтыкты тааныган эмес.

Аталган шайлоо тилкесинде 9 мандат болсо, ага 47 талапкер ат салышкан. Эртеңки шайлоого мурунку талапкерлер катышат.

2016-жылдын 11-декабрында Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7939
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×