Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстандагы мектептерге 1-сентябрга чейин интернет туташтырылат, - министрлик

Turmush -  Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн аймагындагы 620 мектепке интернет байланышын орнотуу тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, мектептерди интернетке кошуу үчүн 89,5 млн сом каражат каралган.

«Тендер өткөрүп, тиешелүү макулдашууларга кол койдук. Бөлүнгөн каражатты үнөмдөп, мектептерди интернетке кошуу үчүн алардын санын дагы көбөйттүк. 22,3 млн сомго 155 мектеп кошулду», - деди министр.

Тендердин шарты боюнча 1-сентябрда жаңы окуу жылына карата көрсөтүлгөн мектептердин 70%на интернет туташтырылат. Ал эми калган мектептер 1-ноябрга чейин интернетке кошулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2533
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу