Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Депутат окуу жылын 1-октябрда баштоону сунуштады

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров окуу жылын 1-сентябрдан эмес, 1-октябрдан тарта баштоону сунуштады. Мындай сунушун бүгүн, 13-январда «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди. Азыркы тапта аталган фракциянын жыйынында окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу маселеси талкууланып жатат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, окуу жылынын башталышын жылдыруу боюнча атайын ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия ишин 2-3 айда аяктайт.

Депутат Т.Масабиров аталган комиссияга окуу жылын 1-октябрга жылдырууну карап көрүүнү сунуштады.

«Кээ бир райондордо, мисалы Базар-Коргондо айыл чарба иштери октябрь айына чейин созулат. Эгерде окуу жылын 15-сентябрга узартсак, балдар айыл чарба иштерине байланыштуу айдын аягында мектепке чогулушат. Ошондуктан ведомство аралык комиссиядан окуу жылын 1-октябрга жылдыруу сунушун карап көрүүнү өтүнөт элем», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2100
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу