Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.01.2017 10:38 На русском

Кыргызстандагы окуучулар жумасына 5 күн окуй башташат

Turmush -  2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта өлкө аймагындагы мектептерге 5 күндүк окуу планы киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 1-класстан 11-класска чейинки жалпы билим берүү мекемелери жана менчик мектептер жумасына 5 күн иштеп, ишемби жана жекшемби күндөрү эс алышат.

«Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жараша 1-5-класстарга 20 сааттан 30 саатка чейин, 6-11-класстарга 30 сааттан 33 саатка чейин окуу планы бекитилди. Ал эми, кошумча сабактарды ата-энелердин макулдугу менен жуманын алтынчы күнүнө белгилөө тууралуу сунуштар берилди», - деп айтылат маалыматта.

Жумасына 5 күндүк окуу планы мектептердеги билим берүүнү оптималдаштыруу максатында киргизилген. «Билим берүүнүн сапаты сааттардын көлөмүнөн көз каранды эмес. Министрлик сааттардын көлөмүн эмес, билим берүүнүн сапатын тандайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы мектептер 6 күн иштеп, жекшемби күнү эс алышчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×