Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

«Манас», фольклор, поэзия, адабият жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын маселелерин камтыган китеп жарык көрдү

Turmush -  «Манас» эпосу, фольклор, поэзия, профессионалдуу адабият жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын маселелерин камтыган китеп жарыкка чыкты. Китептин автору — академик А.Акматалиев, деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы.

«Манас» эпосу – Чыңгыз Айтматовдун руханий космоско учуп чыгышынын көркөм старттык аянтчасы болгон, деген автор дагы тереңдетип, «Кассандра тамгасы» романы менен эпостун үндөштүгүнө, ааламдык маселелердин коюлушуна жана көркөм чечилишине токтолот. Автор Ч.Айтматовдун эпикалык ой жүгүртүү масштабында манасчылык өнөрдүн купуя сыры катылып жатканын ачып берет.

Ал эми «Ак булуттун өзөгү кайда?!...» деген макаласында жазуучунун Куранды, Мухаммед пайгамбардын өмүрүнүн баяндарын эң жакшы билгендигин ырастайт.

Ошондой эле, китепте тил, маданият маселелерине арналган маектер камтылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4418
Көп окулду
×