При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Тарых инсаны: Кулакка тартылып кеткен Арзымат бай атасына салдырган күмбөз азыр да сакталуу (фото)

Turmush -  XX кылымдын башында Таласта жашап өткөн Арзымат бай өзүнүн атасы Күзөк ажыга курдурткан күмбөз азыр да сакталуу.

Бакай-Ата районундагы журналист Жоомарт Бейшеналиевдин айтымында, Арзымат бай совет бийлиги келген учурда кулакка тартылып кеткен. 1929-1930-жылдары совет өкмөтү күчүнө келип, жер-жерлерде эл арасын бай-манаптардан, колхоз душмандарынан тазалоону баштаган. Талас ичинде өздөрүнүн мал-мүлкүн колхозго ыктыяры менен өткөрүп берүүдөн баш тартышкан 12 бай ата-бабасы билбеген Орусиянын Оренбург деген жерине кулак катары айдалышкан. Калгандары өз эли-жеринде кармалып, атылып жок кылынган.

Ошолордун бири Арзымат бай Күмүштактан кармалып, абакка кетмек болот. Аны алып келүү тапшырмасы комсомол Сыдык дегенге тапшырылат. Ошо кезде жаңы өкмөткө жан дили менен берилип кызмат кылган жаш комсомол жигит алдына салып айдап алып келе жатканда Арзымат бай: «Балам намаз убагы болуп калды, намазымды окуп алайын», - деп атынан түшүп, намаз окуйт.

Аттанарда бай Сыдыктын жөн-жайын сурап: «Аттын канжыгасында байланып турган жез чайнектин эртеби-кечпи сага пайдасы тиет, ошону алып кал балам», - дейт. Бирок Сыдык чайнекти совет өкмөтүнө өткөрүп берет. Көрсө ал чайнектин түбүндө 2 кг жакын уютулган алтын болуптур.

Арзымат бай кулакка тартыла электе 1913-жылы атасы Күзөк ажыга Күмүштактын оозунда салдырган күмбөзү азыр да сакталып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×