Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Түркияда медиа тармагында билим алып жаткан кыргызстандыктар «Коньяда жолугушуу» симпозиумуна катышат

Turmush -  Түркияда медиа тармагында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, магистранттар жана докторанттар «Коньяда жолугушуу» симпозиумуна даярдык көрүп жатышат.

Учурда Измир шаарында эмгектенип жаткан Канат Жолочиевдин айтымында, иш-чара 19-22-январь күндөрү өтөт. Түркиянын медиа секторун уюштуруу жана көзөмөлдөө багытында иш алып барган Радио, телеберүү башкы башкармалыгы (RTÜK) чет өлкөлүк студенттер менен биргеликте «Коньяда жолугушуу» симпозиумун уюштурууну демилгелеген. Ага аталган башкармалыктын жетекчиси жана мүчөлөрү, Селчук университетинин окутуучулары жана Түркияда коммуникация багытында билим алып жаткан студенттер катышат. Алардын арасында бакалавр, магистратура жана докторантурада окуп жаткан 10го жакын кыргызстандык студент бар.

Измир шаарында билим алып жаткан магистрант Мээрим Сыдыгалиева билдиргендей, Конья шаарынын тарыхынан тартып медиасына чейинки бир катар темаларды ичине камтыган бул симпозиумда студенттер тарабынан даярдалган макалалар дагы талкууланат.

Бул иш-чараны өткөрүү тууралуу чечим 2016-жылдын май айында Кыргызстандын Бишкек жана Казакстандын Алматада шаарларында өткөн «8-Келечек менен байланыш» медиа жыйынында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3088
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу