Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бир жаштагы баланы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына көз жумгандан кийин алып келишкен, - дарыгер

Turmush -  Кечээ, 5-январда 1 жаштагы бала Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөнгө чейин эле көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси баланы ооруканага саат 08:27де алып келишкен.

«Баланы ооруканага алып келгенде эле каза болуп калыптыр. Бирок клиникалык өлүм болсо чара көрүүгө болот деген чечим менен дарыгерлер аны жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан», - деди дарыгер.

Ата-энесинин айтымында, ымыркайдын дене табы көтөрүлүп, денеси катуу тырышып калган.

«Өлүмдүн себептерин бир жолку текшерүүнүн жыйынтыгы менен айтуу кыйын. Дарыгерлер баланын өлүмү тууралуу укук коргоо органдарына дароо билдиришти», - деди Г.Аалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2297
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу