Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.Сурановдун жубайы жаңы жылдык дасторконго канча чыгым жумшады? (фото, видео)

Turmush -  Нарын шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Алмаз Сурановдун жубайы Айнура Апсалиева жаңы жылды тосууга өзгөчө даярдык көрүүдө. Turmush басылмасынын кабарчысы А.Апсалиеванын жаңы жылга карата даярдыгы менен таанышып келди.

Анын айтымында, келе жаткан 2017-жыл анын мүчөлү жылы болгондуктан ал өзгөчө дасторкон даярдап, жаңы жылды жалаң кызыл кийим кийип тосууну пландап жатат. Жаңы жылдык дасторкондун камын эрте көрүп, жолдошунун туугандары жана алыста окуп жүргөн балдары менен чогуу тосууга камынууда.

«Келе жаткан тоок жыл мүчөлү жылым, андыктан 2017-жылды өзгөчө тосууга аракет кылуудамын. Быйылкы жылы дасторконго кеткен чыгым 5000-6000 сомду түздү. Жылда дасторконго өзгөчө салаттарды жасоого аракет кылам. Балдарымдын жана жолдошумдун сүйүп жеген салаттары оливье, мөмө-жемиштерден жасалган салат. Ал эми тамактардан манты, эт, куурдакты жактырышат.

Дасторконго шампан жана башка ичимдиктер коюлбайт. Түнкү 12ге чейин жеңил тамактарды жасап, 12ден кийин эт тартуу биздин салтыбыз болуп калган. Анткени жолдошум эт азыктарын жана андан жасалган тамактарды жакшы көрөт. Келе жаткан жыл тоок жылы болгондуктан дасторконго тоок этин койбойм», - дейт ал.

Айнура Апсалиева Нарын шаарындагы лицей интернат мектебинде мүдүр болуп эмгектенет.

«Келе жаткан жаңы жыл ар бир үй-бүлө үчүн ийгиликтүү жылдардан болсун», - деди мамлекеттик кызматкердин жубайы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×