Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото, видео - Ош мэриясы шаардыктардын жашоосун жакшыртып, ар тараптуу камкордукка алууну көздөйт, - мэр А.Кадырбаев

Turmush -  Ош шаарынын мэриясы жана мэр Айтмамат Кадырбаев жалпы кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктайт.

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев

мэр

Мэр Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоосунда: «Урматтуу мекендештер, кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Жалпыңыздарды кирип келген 2017-жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Жыл тогошор мезгилде жаңы жылга ак дил, аруу тилектер менен кадам таштап жатып, аткарылган алгылыктуу иштерге саресеп салбасак болбос.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында негизги капиталга 2 млрд 733 млн сомдук инвестиция тартылып, 2 млрд 903 млн сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлдү. Жыл өткөн сайын Ош шаары өзүнүн жаңы көрүнүшүнө, ажарына ээ болуп, заманбап турак үйлөрдүн, социалдык жана маданий объектилердин курулушу кучак жайып барат. Буга чейин Озгур айылында 100 орундуу “Семетей” бала бакчасы, Пятилетка айылындагы 120 орундуу бала бакча, “Кыял” бала бакчасы жана Гүлбаар-Төлөйкөн айылындагы “Тунук Наристе” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул иш-аракеттер ушуну менен токтоп калбайт. Экинчи борбор калаада башталган курулуштун революциясы дагы деле кызуу жүрүүдө.

Мэриянын башкы максаты – шаардын чет жагында жайгашкан кичи райондордун инфраструктурасын өнүктүрүү. Үстүбүздөгү жылы оорукана, мектеп, бала бакчаларды курууну колго алдык. Ага мисал катары Ак-Тилек кичи районундагы 150 орундуу, заманбап жабдуулары менен камсыздалган комплекстүү оорукананын курулушунун башталышын атоого болот.

А.Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка В.Ленин жана Н.Исанов көчөлөрүн бириктирген экинчи көпүрөнүн курулушу аяктап, шаардын төрт аймагынын байланыш жолу бириктирилди. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө жаатында 30 автобус, 23 троллейбус сатып алуу, троллейбустук каттамдарды оңдоо максатында иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 30 автобус Россия Федерациясынын "Лакинск Автомобиль" заводунан алынып келип, шаардагы 12-13-каттамдарга коюлуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Аталган долбоордун жалпы баасы 8,8 млн еврону түзөт.

Ошондой эле, Курманжан датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу учурунда эс алуу жай жок экенин айтышкан. Аны эске алуу менен жаңы көпүрөнүн жанындагы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен “Жеңиш” багын мамлекетке кайтарып, реконструкцияланды. Учурда бул жай жаштардын сүйүктүү жайына айланды. Эс алуу жайларды көбөйтүү үчүн 2017-жылга ири долбоорлор бар. Алардын бири – дээрлик жүз жылдык тарыхы бар Токтогул Сатылганов атындагы элдик парк болсо, экинчиси – И.Раззаков атындагы эс алуу жайы.

Шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында Токтогул паркында, шаардык стадиондо, борбордук аянтта, Жаштар, Алымбек датка скверлеринде, Раззаков көчөсүндөгү скверде Wi-Fi аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулуу жабдыктары орнотулду. 2016-жылы сүйүктүү шаарыбызга 1 млн түп гүл, 100 миң даана декоративдүү бадал жана дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Мындай ийгиликтүү иштер жол тармагында да аткарылып, ирригация, тазалык, жашылдандыруу, таза суу менен камсыздоо, жылуулук, курулуш, спорт, маданият тармактарында да ири долбоорлор аткарылып жатат.

Ош шаардык мэриясынын башкы максаты – шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу менен ар тараптуу камкордукка алуу. Бул багытта да көп иштер аткарылып жатат. Быйылкы жылы шаардын негизги көчөлөрү 3 миңден ашуун жаңы светодиоддуу лампалар менен жарыктандырылды. Ал эми, эски үлгүдөгү чырактар ички жолдорго орнотулду. Светодиоддуу лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда электр энергиясын 3,5 эсе үнөмдөйт. Буга чейин шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу үчүн болжол менен жылына 14 млн сом акча каражатын жумшасак, жаңы электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу менен жылына болгону 4 млн сом акча каражаты жумшалат.

Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын алкагында ишкердүүлүккө жол ачуу, чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу өндүрүштү көтөрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында көптөгөн жумуштар ишке ашат. Алдыбызда шаарыбызды өнүктүрүү, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо, улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө милдеттери турат. Биз ал максаттарыбыздын аткарылышына терең ишенебиз.

Кадырлуу тарыхка бай, ордолуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары, жаңы жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарында болуп, ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө бараандуу салымыңыздарды кошооруңуздарга терең ишенип турам. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да – эл.

Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын. Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкерлик түбөлүккө орносун. Жалпыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9239
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
melikozu
13:14, 30 декабря 2016
Нет аватара
melikozu
12:27, 30 декабря 2016
Кечээ Айтмамат Кадырбаев “Марал FM” радиосу “Мыкты мэр” деп тапты. Куттуктайбыз!
Нет аватара
pepe.1100@mail.ru
10:19, 30 декабря 2016

Жаңы жыл баарына жакшылыктарды алып келсин. Өркүндөй берсин өсө берсин Ош шаары Ош алга
Нет аватара
Erkin.A
02:17, 30 декабря 2016
Кадырбаевдин кадыры бийик болсун. Эл сиз менен. Ишти мыкты алып барып жатасыз
Жаңы жылыңыз менен сиздин да
Нет аватара
mamazhunus
01:17, 30 декабря 2016
он правильный мэр и он надо работать. в Оше много надо еще им сделать. Этот человек работает на успехи города и горожан! р
Нет аватара
zhakyp.anarbaev
01:04, 30 декабря 2016
Мыкты чарбагер экен Кадырбаев. Азамат иштерине ийгилик болсун
Нет аватара
mavluda.mamasadykova
00:54, 30 декабря 2016
Сиздин да жаңы жылыңыз менен. Сизге да эки дүйнө бактылуулукту жараткан насип кылган болсун. 2017-жыл сизге дагы да ийгиликтерди алып келсин
Нет аватара
sayrakan.mamatalieva
00:48, 30 декабря 2016
Ordoluu osh waarymdyn Merine choon rahmaat. Sebebi A.Kadyrbaev ishtin kozun bilgen insan.Oshol sebepten Osh shaardyk Merine bir gana A.Kadyrbaev tatyktuu.Adam min kyiyn bolsun birok ishtin kozun bilbesen bir tyiyn.
Нет аватара
talantbekkyzy.aida
00:42, 30 декабря 2016
Цитата: Erkin.A 23:14, 29.12.2016
Чыныгы чарбагер, Ош шаарынын элинин камын ойлогон инсан. Эң негизгиси жөнөкөй адам катары да сыйга татыктуу адам. Ал эми Ош шаарынын гүлгдөгөн шаарга айланткан адам

Мен да кошулам, колдойм кубаттайм
Нет аватара
talantbekkyzy.aida
00:39, 30 декабря 2016
Ошту өнүккөн шаарга айландырган мэр биздин брат тика атак.
Нет аватара
kuba_A
00:13, 30 декабря 2016
Айтмамат ака ишти тегиз алып кетип атат. Жетекчи деген ушундай болушу керек. Ошту тегиз өнүктүрүп таштады.
Нет аватара
West63
23:37, 29 декабря 2016
Ош шаары өнүгүү жолүнда. Молодцы ребята. Айтмамат ака ишти катырып атат. Так держат
Нет аватара
Erkin.A
23:14, 29 декабря 2016
Чыныгы чарбагер, Ош шаарынын элинин камын ойлогон инсан. Эң негизгиси жөнөкөй адам катары да сыйга татыктуу адам. Ал эми Ош шаарынын гүлгдөгөн шаарга айланткан адам
Нет аватара
Mederbekovaais
19:22, 29 декабря 2016
Кадырбаевге ийгилик каалайбыз. Ар бир кылган ишиниз ийгиликтуу болсун. Ош дагы да онугот мен ишенем.
Нет аватара
pepe.1100@mail.ru
19:08, 29 декабря 2016
Сонун, сонун, сонун экен!
Нет аватара
akroza
18:25, 29 декабря 2016
Ай азаматсыңар!
Ош шаары оңүгүү жолунда!
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу