При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

Айыл турмушу: Таластык уста Ж.Одуракаев эски унаалардан «Волга лимузин» жасап жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 42 жаштагы тургуну Жаныбек Одуракаев бала кезинен көгүчкөн багып, ага катар эле унааларды оңдойт. Аймактык кабарчы көгүчкөн баккан уста менен таанышты.

Анын айтымында, көгүчкөн багуудан рахат алат. Учурда ар түрдүү 85 көгүчкөнү бар. Келечекте аларды үйлөнүү тойлорго колдонууну пландап жатат.

Ал көп жылдардан бери унаа оңдоп киреше табат. Акыркы жылдары ретро унааларды оңдоого кызыгууда.

«Буга чейин «Газ-21» үлгүсүндөгү 3 унаа жасадым. Мен жасаган унаалар Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде турат. Жакында көрүп өзүм кубанып келдим. Азыр төртүнчү унаамды жасап жаткан учурум. Ал буюрса 2 жылдын ичинде жүрүп калат. Бул башкалардан өзгөчөлөнүп, «Волга лимузин» болот. Аны үйлөнүү тойлорго пайдалансак деген ой бар. Унааны оңдоо үчүн 2 унааны кошуп, мотору менен дөңгөлөгүн башка унаадан аракетин көрүп жатам», - деди уста.

Анын жубайы Динара Бейшеналиева мектепте жана университетте мугалим болуп эмгектенет. Экөө 5 уулду тарбиялап өстүрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6634
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×