При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кыргыз кызы Жаркын мугалимдер 2 миң евро айлык алган Констанц шаарындагы ооруканада эмгектенет (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө өскөн кыргыз кызы Жаркын Германиянын Констанц шаарындагы ооруканада эмгектенип жатат. Бул ийгиликке талыкпаган эмгек менен жеткен Жаркын Кадырбек кызы менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Ж.Кадырбек кызы 1990-жылы Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында төрөлгөн. 

«1997-жылы аталган айылдагы Б.Алаков атындагы орто мектептин босогосун аттап, аны он бир жыл окудум. Андан кийин немис тилин окуп, апам, эжемдердин дем берүүсү менен тест тапшырып, жогорку балл менен Германиядан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда Германиянын Констанц шаарында жашайм жана аталган шаарда медицина тармагында билим алуудамын.

Германиянын экономикасы жакшы өнүккөн. Билим берүү тармагын биздики менен салыштырганда айырмачылык чоң. Эң негизгиси билим берүүдө коррупция эмне экенин билишпейт. Ар ким өз күчү менен окушат. Алардын жаштары үчүн эң биринчи орунда билим алуу турат экен. Билимиң болбосо өсүш болбойт деген түшүнүк практика жүзүндө да, турмушта көп колдонулат. Мугалимдердин айлыгы 1000-2000 евро жана иштеген жумушуна жараша пайыздык кошумча чыгып турат.

Мен окуум менен бирге Констанц шаардык ооруканасында иштейм. Медицина тармагында да сөз жок. Баары тартиби менен сылык-сыпаа иштешет, баары өз кесибинин мыкты чеберлери. Келечекте өнүккөн өлкөлөрдөн медицина боюнча тажрыйба топтоп, өлкөмдөгү кесиптештерим менен бөлүшөм. Элиме пайдам тийип, биздеги медицина тармагынын өсүшүнө салымымды кошсом дейм», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү. Жолдошу Чолпонбек менен Алмаз аттуу уулун тарбиялап жатышат. Уулу 2015-жылы өзү эмгектенип жаткан ооруканадан төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2420
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу