Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча аутизм менен 20 миң адам жабыркайт, - депутат

Turmush -  Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча аутизмге кабылган 20 миң адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов («Өнүгүү-Прогресс») билдирди. Анын айтымында, аутизмге кабылгандар тууралуу толук расмий маалымат жок. Ошондой эле, Кыргызстанда бул жааттагы адистер да аз.

«Аутизмге кабылган адамдар оорулуу эмес. Алардын кайсы бир нерселерге жана кызыкчылыктарга болгон мамилеси башкача. Энштейн, Моцарт, Билл Гейтс аутизм болушкан. Бирок, аларга өз учурунда жакшы көңүл бурулган. Ошондуктан булар көп ийгиликтерге жетишти. Бизде мындай адамдарга көп көңүл бурулбайт. Жада калса аутизмге кабылган балдарды бала бакчага, мектепке да алышпайт. Алар башка планетадан келген жок да, биздин жарандар. Мындай балдарга мектеп ачып беришибиз керек», - деди депутат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2650
Көп окулду
×