Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат

Turmush -  Кыргызстандагы окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

2016-2017-окуу жылындагы окуу планынын негизинде окуучулар 2016-жылдын 30-декабрынан баштап 2017-жылдын 10-январына чейин кышкы эс алууга тарашат.

«Учурда райондук билим берүү бөлүмдөрү карантин учурунда окутулбай калган сабактарды улантуучу күндөрдү тактап жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда карантинге жабылган көпчүлүк мектептер билим берүүнү улантып жатышат. Бишкектеги бардык мектептерде окуу 13-декабрда башталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2840
Көп окулду
×