Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ош

Фото - Араванда 31 жаштагы эне 3 эм төрөдү

Turmush -  Араван районунда 19-декабрь күнү 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына райадминистрациядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 3 эм райондун Япчан айылынын тургундары Азизбек Ибраимов менен 31 жаштагы Дилдора Ибраимованын балдары. Эми алар 6 баланын ата-энеси болушту. Ымыркайларга Мухаммед, Хасанбай жана Хусанбай деген ысымдар ыйгарылды.

3 эмдер 2,4 кг, 2,3 кг жана 2,1 кг салмакта төрөлгөн. Учурда 3 наристе үйгө чыгарылды, эненин жана балдардын абалы жакшы.

3 уулдуу болгон үй-бүлөгө Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев 10 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле, айыл өкмөт башчысы көмүр алууга 10 миң сом акча берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10023
Көп окулду
×