Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда ВИЧ инфекция 80 миң адамда бар, - депутат

Turmush -  Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккан 80 миң адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ЖК депутаты Пархат Тулендыбаев («Республика – Ата Журт» фракциясынан) парламенттик жыйында билдирди. Анын айтымында, расмий маалыматтарда Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 7 миң адам бар экени айтылат.

«Бул инфекциянын өсүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы 7 өлкөнүн ичине кирди. Акыркы жылдары ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 8 эсеге өстү», - деди депутат.

Республикалык СПИД борборунун берген маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-ноябрында ВИЧ инфекциясы менен ооруган 6 миң 982 адам катталган. Анын ичинде 6617и Кыргызстандын жарандары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1605
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу