Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстандагы 2017-жылы 620 мектеп интернет менен камсыз болот

Turmush -  Кыргызстандагы 620 мектеп 2017-жылы интернет менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин чечими боюнча аталган министрликке 300 млн сом каражат бөлүнүп, анын 163 млн сому интернет кызматын туташтырууга каралган. Ал эми калган каражат санариптик телеберүүлөргө тиешелүү жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн. Мындай каражат мектеп окуучулары үчүн биринчи жолу бөлүнүп жатат. Бул демилге мектептердеги билим берүүнү жакшыртууга багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 миң 218 мектеп бар. Анын ичинен 620 мектепке интернет туташтырылса, ар бир окуучу жашаган жерине карабай бардык маалыматтар менен кабардар болуп турат.

Министрлик мектептерге интернетти туташтыруу үчүн атайын тендер жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1313
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу