Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Сасык тумоодон улам өлкөдөгү 141 мектеп жабылды

Turmush -  Бүгүнкү күнгө карата сасык тумоодон улам өлкө боюнча 141 мектеп жабылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, республиканын аймагындагы карантиндин мөөнөтү жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалдан көз каранды.

Мурда маалымдалгандай, курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоодон улам 5-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарындагы бардык мектептерге карантин жарыяланган.

Ошондой эле, 5-декабрдан баштап Чүй облусундагы 42 мектепке, 4 бала бакчага карантин жарыяланып, билим берүү процесси 5 күнгө токтотулганы маалымдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×