Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Чуваш кызы Валентина 19 жашында ислам динин кабыл алып, Таласка келин болуп келген (фото)

Turmush -  Чуваш кызы Валентина Дубанаева 19 жашында Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылына келин болуп келген. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Валентина жеңе учурда 47 жашта. Чувашиянын Чебоксары шаарында өскөн. Мектепти аяктаган соң Москвадагы кесиптик окуу жайлардын бирине өткөн. 1987-жылы тажрыйба алуу үчүн Севастополь шаарына барган кезде жолдошу Туратбек Дубанаев менен таанышкан. Ал кезде жолдошу электрик кесибинде билим алчу. Экөө 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, Туратбек келечектеги жубайынын ата-энесинин, бир туугандарынын уруксатын алган. Валентина жеңе ислам динин кабыл алып, 1988-жылы Кыргызстанга келип үйлөнүшкөн.

«Келин болуп келгенимде тил жагынан көп кыйналган жокмун. Себеби бул айылда ал кезде орустар, немистер көп болчу. Кайненем мени түшүнүп, көп нерсени үйрөткөн. Мыкты адам эле», - деди ал.

Валентина жеңе Чувашияга төркүндөрүнө СССР убагында бат-баттан барып турчу. Бир туугандарын акыркы жолу 1993-жылы көргөн. Телефон номурларын жоготуп алып, 23 жылдан бери байланыш үзүлгөн. Мүмкүн интернеттен окуп калса табышып калабыз деген үмүттө. Жолдошу экөө 3 уул, 1 кыз, 2 келин, 1 неберенин ата-энеси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×