Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Элдик уламыш: Күнөөлүү адамдарды аман калтырбаган Зындан тоосундагы үңкүр аркылуу Мединага баруучу жол болгон (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылы сыйынуучу жайларга жана уламыштарга бай. Элеттиктердин сыймыгына айланган Зындан тоосу айылдын четинде жайгашкандыктан, көпчүлүк ал тарапка баргандан кооптонушат. Эл ичинде күнөөсү көп же тоо жөнүндө айтылган кептерге ишенбей баргандар тоодо кысылып калат деген түшүнүк тараган. Буга чейин тоо тарапта жүргөн мал-жандыктарды таш тосуп калып, сөөктөрү табылбай калганы айтылат.

Тоо бир караганда түрмөгө окшош көрүнүп, күнөөлүү адамдарды өзүнө алып калат деген ишенимден улам Зындан деп аталып калган. Бул тоо тууралуу уккан уламыштарын Кашка-Суу айылынын 80 жаштагы тургуну Мисират Мамасадыкова кабарчыга айтып берди.

1347940.1.1480564157

«Зынданга барган адамдын ниети түз жана даараты болушу зарыл. Ал жактан куран окутуп, сыйынышат. Союз убагында ал жерге айылдагылар бат-баттан барып, куран окуп турушчу. Ниети бузук адамдарды таш басып калат же эшиги жабылып калат. Ошондой эле, анын төрүндө көл бар. Аны өтө касиеттүү деп ичишет. Качандыр бир убакта Зындандын үстүнөн көк кочкор түшкөн деген уламыштар айтылат. Ал түшкөндөн кийин койлор пайда болгон деп ата-энелерибиз айтып калчу.

Ошол эле үңкүрдүн ичинде ат жүрүүчү жол бар. Ал жол менен ажыга (Мединага) барышкан деп айтып калышчу», - деди М.Мамасадыкова.

Кашка-Суу айылынын тургуну Курманжан Карыбекова аталган тоого изилдөө жүргүзгөн. Ал келечекте туристтердин санын көбөйтүү максатында Зындан тоосунун үңкүрлөрүн музейге айлантуу демилгесин көтөрүп жатат.

«Туристтер келгени менен тоо тууралуу толук маалымат алышпайт. Эл ичинде сакталып калган тарыхый буюмдарды чогултуп, музейге айландырсак деп пландап жатам. Жаздын келиши менен аны ишке ашырууга киришебиз», - деди К.Карыбекова.

Ошол эле тоонун үстүңкү бөлүгү Бүркүт зоо деп аталат. Себеби зоонун үстүндө бүркүттүн уясы болгон. Анын качантан бери мындай аталып келе жатканы белгисиз, бирок ушул күнгө чейин жергиликтүүлөр ал жактан балапан алып турушат.

Айылда Оргума деген аталышта суу бар. Ал жерден агып чыккандыктан таза, тунук, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу экени айтылат. Оргума суусу айылдын ичин аралап агат. Анын башы айылдан 7 чакырым алыс болгонуна карабастан аны көрүүгө кызыккан туристтердин саны арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×