Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Америкадан келген 23 жаштагы Х.Стайлинг эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнгөнүн айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Америкалык Хайди Стайлинг акыркы эки жылдан бери Кыргызстанга келип эс алат.

Кыргыз элинин меймандостугун баалаган 23 жаштагы Х.Стайлинг Turmush басылмасынын кабарчысына эмне себептен Кыргызстанга келип, кыргыз тилин үйрөнгөндүгүн айтып берди.

Хайди Стайлинг Американын Вашингтон шаарынан келген. Ал мындан эки жыл мурда Кыргызстанга эс алуу үчүн келип, көп аймактарды кыдырган. Ал кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, маданиятын тереңдеп түшүнүү максатында кыргыз тилин үйрөнгөн. Мындан улам ал өлкөнүн көптөгөн аймактарын дагы кыдырып чыккан.

«Кыргызстан абдан кооз жер. Бул жерде жашаган адамдар дагы ынтымактуу жана меймандос. Мен акыркы эки жылдан бери бул жерге келем», - деди Х.Стайлинг.

Учурда ал кыргыз тилинде эркин сүйлөп, түш жооруйт. Хайди эки жылдан бери Караколдогу тоо лыжа базасына келип эс алат. Ал жаратылыштын кооздугуна суктанып, эң негизгиси бул жактагы шарт ыңгайлуу экендигин айтат. Быйыл Хайди туристтик сезондун ачылышында шише катмай оюнуна катышып, белекке ээ болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15793
Көп окулду
×