Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Бишкектеги 20 мектепте карантин жарыяланды (тизме)

Turmush -  Кечээ, 1-декабрдагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарында карантин жарыяланган мектептердин саны 20га жетти. Мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгы маалымдагандай, ал мектептердеги окуучулардын басымдуу бөлүгү курч респиратордук вирустук инфекциядан улам сабакка келбей жатат.

Учурда борбордогу №1, 6, 12, 13, 17, 22, 23, 28, 29, 33, 38, 40, 48, 57, 61, 65, 66, 67, 78, 79 мектептерде билим берүү убактылуу токтотулду.

Ошондой эле, «Ариел-Лиор» жеке бала бакчасында, «КРСУ» жана «Сейтек» жеке менчик мектептерде окугандардын ичинен 30%дан ашыгы сабакка келбей калышкан. Мындан улам мектептерде окуу процесстери 5 күнгө токтоду.

Ал эми бала бакчалар ишин улантып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3418
Көп окулду
×