Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-февраль

При поддержке MegaCom

Фото – О.Тургунбаевдин жетекчилигинде Ноокат шаардык мэриясы аткарган иштер

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун Ноокат шаары Эски-Ноокат айылдык кеңешинин ордунда уюшулган. Шаарга азыркы Гүлистан, Мирмахмудов айыл аймактарынын айрым жерлери кошулуп отуруп, Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Калкынын саны — 15 миң 521 адам, 12ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт.

Ноокат 1

Ноокат шаардык мэриясынын алдында атайын түзүлгөн муниципалдык менчик департаменти, «Ноокат суу каналдары» ишканасы, «Ноокат коммунальщик», «Жылуулук менен камсыздоо ишканалары» калкка кызмат көрсөтөт.

Ноокат шаары шаар макамын алгандан бери туруктуу өнүгүү темпин карманып келет. Көп улуттун өкүлдөрү жашаса ынтымак, достугу, жогорку деңгээлдеги каада-салты менен белгилүү. Шаарда 4 орто жана 4 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Райондук маданият үйү, Н.Исанов атындагы эс алуу багы, райондук тарых музейи иштейт жана спорт аянтчалары, машыгуу залдары жана бассейндер курулган.

Ноокат шаар мэриясы тарабынан калктуу конуштардагы көпүрөлөрдү куруу жана ички жолдорго асфальт төшөө, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларды ачуу боюнча демилгелүү иштер аткарылды. 

2013-жылы Ноокат шаардык мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Шаардын аймагында Шаар маала, Партсъезд, Тапвалдыев көчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттен 7 млн 195 миң 967 сомго асафальт төшөлдү. Шаардын негизги көчөлөрүнө ЮСАИДддин «IRG» программасынын негизинде 96 миң 879 АКШ долларына жол чырактар коюлду. Аристин кичи шаарларды колдоо программасынын алкагында шаардын мектептери спорттук инвентарлар менен камсыз болушту. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жол сызыктары жаңыдан сызылды. Ошондой эле, Ноокат шаардык борбордук айлампасындагы эл достугу архитектуралык монументалдык композициясы реконструкцияланды. Белгилүү коомдук ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата эс алуу багына Н.Исановдун эстелиги орнотулуп, анын ысымы ыйгарылды.

Жаш муундардын билим тарбия алуусуна жакшы шарттарды түзүү максатында мектептерге жана бала бакчаларга жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен 7 млн 239 миң 975 сом каржыланган.

Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2017-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын алкагында 2014-жылы Ноокат шаар мэриясында стратегиялык пландын негизинде түзүлгөн атайын иш чаралар белгиленген. Аны менен райондогу «Эл аралык уюмдар менен кызматташууну жана ички ресурстарды пайдаланууну күчөтүү жылынын» алкагында бул багыттарды ишке ашыруу үчүн мэрияга караштуу «Ноокат суу каналдар» ишканасы жана «Ноокат коммунальщик» акционердик коому, Муниципалдык менчик департаменти менен бирге бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды.

Шаардын аймагында инфраструктураны жакшыртуу, ички жолдорду оңдоо, транспорт кыймылын, калктын аялуу катмарына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында натыйжалуу аракеттер көрүлдү.

Натыйжада шаардагы салык жана салык эмес жыйымдарды чогултуу 2013-жылга караганда бир топко өскөн. Шаардын экономикасынын негизин түзгөн киреше булактары да бир топко көбөйдү.

Бостон кварталында жөө жүргүнчүлөр үчүн 302 миң сомго көпүрө курулуп, Чечме-Сай каналына габион торчолор жаткырылды.

Крупская атындагы орто мектебинин жылытуу системасы 215 миң сомго ондолуп, Самиев атындагы орто мектебине 2 кичи футбол аянтчасы жеке ишкерлер тарабынан курулду.

Ноокат 6

Мындан сырткары, А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушу башталса, шаардын аймагындагы бардык мектептерге спорттук инвентарлар алынып, Крупская атындагы орто мектептин жатаканасы жаңы жууркан-төшөктөр менен камсыздалды.

Ноокат шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында «Ноокат суу каналдар» ишканасы тарабынан жыл ичинде 740 миң 320 сомдук жумуштар аткарылды. Анын ичинен 240 миң сомго узундугу 875 метр жаңы суу түтүктөр орнотулду. Шаардын аймагына 64 даана суу эсептегич да орнотулган.

Көрктөндүрүүнүн 3 айлыгынын алкагында шаардын көчөлөрүнө 560 түп арча, 100 түп кайың, 60 түп роза, 700 түп ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулуп, шаардын ичиндеги көрнөк-жарнактар жаңыланып илинди.

Шаардын аймагын таштандыдан арылтуу, көрктөндүрүү иштеринде «Ноокат коммунальщик» ишканасы тарабынан аракеттер көрүлдү. Шаардын аймагында тазалыкты талаптагыдай сактоо максатында «Ноокат коммунальщик» ишканасына 1 млн 288 миң сомго атайын техникалар сатылып алынды.

Базардын айланасында жолдо соода кылгандар тартипке келтирилип, унаа токтоочу жайларды иреттештирүү боюнча Муниципалдык менчик департаменти тарабынан бир топ иштер аткарылууда.

Шаардын аймагында жолдордун абалын жакшыртуу менен бир катарда транспорт кыймылдарын, калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында шаар ичине  кичи автобустар менен атайын каттамдар ачылды.

Билим берүү — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик стратегиянын негизги жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Шаардын аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим алуусуна толук шарттар түзүлгөн. Мектептер компьютердик класстар менен жабдылып, спорттук инвентарлар алынып берилди.

Ноокат шаарынын аймагында жашаган социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана аялуу катмардагы атуулдарга 720 миң сомдук колдоолор көрсөтүлдү. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имараты дагы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

2015-жылы Республикадагы улуттук экономиканы көтөрүү, райондогу өнөр жай өндүрүшүн күчөтүү жылына карата шаардын аймагында инфраструктураны жакшыртуу, көрктөндүрүү, экономиканы көтөрүү, калкты социалдык жактан колдоо багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджет 120%га аткарылды. Бюджет белгиленген пландан 2 млн 172 миң сомго же 104,8%га көп аткарылган.

Калктын өнөр жай өндүрүшүнүн жогорулашына көңүл бурулуп, өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъектилердин ишмердүүлүгүн жандандыруу жолго коюлду. Шаардын аймагында жаңы соода жайлары, кичи ишканалар да ачылды. Лутфуллаев көчөсүндө күнүмдүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн, курулуш каражаттарын сатуучу атайын жай ачылып, Ленин көчөсүндөгү кафе жеке ишкерлер тарабынан бүткөрүлүп ишке берилсе, «Оомат» азык-түлүк дүкөнү, Мирмахмудов көчөсүндө жаңы азык-түлүк дүкөнү ачылып, «Абдуллаев» атындагы ашкана реконструкцияланды. Ошондой эле, Кызыл-Кыя көчөсүндө жаңы ашкана калкка кызмат көрсөтүүдө. Шаардын аймагында 2 жаңы дарыкана ачылды.

2015-жылдын май айында «Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү» программасынын алкагында Ноокат шаарынын жаштары долбоор жазууга окутулду.

Шаардын аймагында маршруттук каттамдардын саны көбөйтүлүп, аялдамалар курулду. Ошондой эле, тигүүчү цехтер, пескоблок жасоочу ишканалар, нан жана булочка бышыруучу цехтер, эшик-терезе даярдоочу, өндүрүш ишканалар калкка кызмат көрсөтүштү.

Шаардын аймагында инфраструктураны жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жасалып, Кара-Турпак кварталындагы Жуков көчөсүнө жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, 128 метр жолго шагыл төгүлдү. Ошондой эле, Барын кварталындагы Хамза, С.Рахимов көчөлөрүнүн 250 метрине жеке ишкерлер тарабынан 60 миң сомдук шагыл төшөлдү. Жашоочулар жана демөөрчүлөр тарабынан Бостон кварталындагы Абдулакимов, Халдаров, Абдулакимов көчөлөрүнө дагы 370 метр жолго 262 миң сомдук шагыл, Жаштык көчөсүнүн 400 метрине 300 миң сомдук шагыл төгүлдү. Мындан тышкары, эл тарабынан Таштак кварталындагы Янтак көчөсүнүн 36 метрине 81 миң сомго шагыл төгүлдү.

Ноокат шаарынын аймагындагы Аэропорт, Умиров, Төлөнов, Алланазаров көчөлөрүнүн 3,6 чакырымын асфальттоого республикалык бюджеттен 42 млн 929 миң сом бөлүнүп, асфальтталды.

2015-жылдын 2-3-кварталында жергиликтүү бюджеттен К.Жакыпов көчөсү 1 млн 488 миң сомго асфальтталып, көп кабаттуу үйлөрдүн арасына 1 млн 500 миң сомго асфальт төшөлүп, Бостон айылындагы Абдуллаев көчөсүнө 120 миң сомдук латок коюлду.

Бостон жана Кара-Турпак кварталдарын байланыштыруучу жалпы суммасы 2 млн 200 миң сомдук көпүрө ӨКМ менен биргеликте октябрь айында курулуп бүткөрүлдү. Көпүрөгө ӨКМ тарабынан 1 млн 700 миң сом, Ноокат шаардык мэриясы тарабынан 500 миң сом бөлүнгөн.

Ноокат шаардык мэриясынын муниципалдык менчик департаменти тарабынан шаардын аймагында жүргүнчүлөрү ташуучу таксилер токтоочу жайлар иретке келтирилип, борбордук айлампанын айланасында унаалардын жана жарандардын коопсуздугун алдын алуу максатында көчөдөгү мыйзамсыз соода кылгандар жылдырылды. Маршруттук каттамдар үчүн атайын аялдамалар орнотулду.

Көп кабаттуу үйлөрдүн арасына 3 жерге ажаткана, суюк таштандылар үчүн 3 септик курулду.

Шаардын аймагында тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү багытында «Ноокат коммунальщик» ишканасы тарабынан бир топ иштер аткарылды. «Ноокат коммунальщик» ишканасына Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын сактоо агенттиги «Чүй-Бишкек-Талас» жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү жергиликтүү фонду тарабынан чиркегичи жана жүктөгүчү бар 1 млн 200 миң сомдук трактор алып берди.

Н.Исанов атындагы эс алуу паркы иретке келтирилип, боз үй тигилип, шаардын аймагындагы көчөлөргө жана паркка арчанын 70 миң сомдук көчөттөрү отургузулду. Таштанды үчүн мамлекеттик жана менчик ишканалар, шаар тургундары менен келишимдер түзүлдү.
Какыр-Сай каналы 109 миң сомдук торчолор менен тосулуп, жолбун ит-мышыктар үчүн  чуңкур даярдалды.

Билим берүү мекмелеринде билим сапатын жакшыртуу, мугалимдерге жана окуучуларга мыкты шарттарды жаратуу максатында Н.Крупсая, А.Абдуваитов, А.Абдуллаев, Х.Самиев атындагы орто мектебине, «Жаш күч» спорттук клубуна жана «Балапан» бала бакчасынын кошумча имаратына эмеректер, компьютерлер, интерактивдүү такталар алынып, утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, шаардын аймагындагы бардык мектептердин жылытуу тутумдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлү.

2016-жылы Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2017-жылдарга страгетиялык пландарынын алкагында шаардын аймагында салык жана салык эмес жыйымдарды аткаруу, инфраструктураны жакшыртуу, көрктөндүрүү, экономиканы көтөрүү, калкты социалдык жактан колдоо багытында бир топ иштер аткарылды.

Өндүрүш

Калктын өнөр жай өндүрүшүнүн жогорулашына көңүл бурулуп, өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ишмердүүлүгүн жандандыруу жолго коюлду. Шаардын аймагында 2016-жылдын 6 айында нан жана булочка бышыруучу цехтер, 12 наабайкана, желимден эшик-терезе жасоочу 5 ишкана, дубал блок жасоочу 5 ишкана, эмерек жасоочу 5 ишкана, кантты кайра иштетүүчү 1 ишкана, 4 тегирмен, текстиль өндүрүшү боюнча 2 ишкана, эмеректерди рестарациялоочу 1 ишкана, турмуш-тиричилик буюмдарын оңдоочу 5 ишкана, профнастилдик5 ишкана, ширетүү кызматын көрсөтүп, жыгач тилүүчү 10 ишкана, 4 жыгач устакана, окарлык буюмдарды жасоочу 3 устакана, жалпы 54 өндүрүш ишканалар калкка кызмат көрсөтүштү.

Инфраструктураны жакшыртуу

Шаардын аймагында инфраструктураны жакшыртуу багытында бир топ иштер аткарылды. Бостон кварталындагы мүрзөнүн айланасын тосууга шаардык бюджеттен 119 340 сом бөлүнүп, айланасы тосулду. Шаардын аймагындагы көчөлөр, тротуарлар тазаланып, көчөлөргө жана эс алуу багына арчанын 50 даана көчөтү, 400 түп гүл отургузулду. Чечме-Сай сайындагы көпүрөнүн алдына 120 миң сомдук онңөдоп-түзөө жумуштары жеке ишкер Ашимов тарабынан жүргүзүлдү. Сары-Алтын базарынын арткы жагына шагыл төшөлүп, таштандылар тазаланды. «Абдусатар» ашканасынын арткы тарабы тазаланып, «Алихан» соода борборунун айланасын таза кармоо боюнча дүкөн ээлерине эскертүү берилди. Шаардын аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар райондук СЭКБ менен биргеликте текшерилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Алимбаев көчөсүндөгү мыйзамсыз соода жүргүзгөн бирдик салуучу дүкөндөр алынып, жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көчөлөр тартипке келтирилди. «Ноокат суу каналы» ишканасы тарабынан калкка таза сууну үзгүлтүксүз берүү максатында 62 миң сомдук оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү.

«Ноокат коммунальщик» ишканасы тарабынан шаарды таштандыдан тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, 130 миң сомго жашылдандыруу жумуштары аткарылды. Көчөлөрдөгү жарык берүүчү лампалар алмаштырылып, парктагы эстеликтер оңдолду. Шаардын борборундагы көчөлөрдү оңдоого жергиликтүү бюджеттен 316 миң сом бөлүнсө, шагыл төшөөгө 255,7 миң сом каралган. 

Билим берүү

Ноокат шаарынын аймагында 4 бала бакчасы, 4 жалпы билим берүүчү орто мектептер бар. Бүгүнкү күнгө карата билим берүү мекемелери 4188 окуучуга, 215 балага билим берүүдө.
Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин коммуналдык кызматтары жана иш сапардагы чыгымдар толук төлөндү. «Балапан» бала бакчасынын айланасы темир тор менен тосулуп, «Балапан» жана «Кара-Турпак» бала бакчаларына муздаткычтар алынып берилди. Х.Самиев мектебине 43 миң сомдук эмеректер алынып, «Курманжан датка» бала бакчасына компьютер, 2 принтер, Крупская атындагы орто мектебине 6 даана такта алынып берилди. Ошондой эле, Абдуллаев, А.Абдуваитов атындагы орто мектептеринин, «Курманжан датка», «Кара-Турпак» бала бакчаларынын терезелери желим терезелерге алмаштырылды. Н.Крупская атындагы орто мектеби республикалык бюджеттин каржылоосу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде Н.Крупская атындагы орто мектебинин ашканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап ашкана эмеректери менен камсыз болот. Ноокат шаарындагы А.Абдубаитов, Н.К.Крупская, Х.Самиев А.Абдуллаев атындагы орто мекетептерди 2016-жылдын ичинде оңдоп-түзөө иштерине, эмеректер жана компьютердик жабдыктар менен камсыз кылууга, жылуулук системаларын оңдоп-түзөтүүгө, айнек терезелерди жаңылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 896 миң сом акча каражаты жумшалган. Ошондой эле, «Балапан», «Кара-Турпак», «Курманжан датка», «Уркуя Салиева» бала бакчаларынын утурумдук оңдоп-түзөө иштерине, ашкана эмеректерине, эшик-терезелерин алмаштырууга Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин эсебинен 1 млн 592 миң 472 сом акча каражаты жумшалды.

Ноокат шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелери, анда эмгектенген мугалимдер, билим алып жаткан окуучулардын саны боюнча маалымат:

Билим берүү мекемелеринин аталышы

Мугалимдердин саны

Окуучулардын саны

1

Н.К.Крупская

65

1620

2

А.Абдуваитов

75

1151

3

А.Абдуллаев

50

903

4

Х.Самиев

62

938

 

5

Жалпысы:

252

4612

Ноокат шаарынын аймагындагы бала бакчалар, анда эмгектенген тарбиячылар, тарбияланып жаткан балдардын саны боюнча маалымат:

Бала бакчалардын аталышы

Тарбиячылардын саны

Балдардын саны

1

«Курманжан датка»

10

313

2

«Уркуя Салиева»

9

298

3

«Кара-Турпак»

4

120

4

«Балапан»

6

180

 

5

Жалпысы:

29

911

Ошондой эле, Ноокат шаарында жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоо, толук кандуу сапаттуу билим алуусу үчүн жакшы шарттар каралган. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Тарых жана маданият жылына карата тарыхый мурастарды жандандыруу

Н.Исанов атындагы эс алуу багына Манас, Каныкей, Бакай жана улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстеликтери тургузулду. Мектептерде тарых музейлер уюштурулуп, экспонаттар менен толукталды.

Н.Исанов атындагы эс алуу багында боордош Түркия мамлекетинен алынып келген аттракциондор жана тренажерлор орнотулду.

Социалдык коргоо

Ноокат шаардык мэриясы 2016-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жана жеңилдиктерди алуучу жарандарга 711 миң сомдук колдоо көрсөттү.

Муниципалдык менчик департаменти

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти 2014-жылы уюштурулду. Ал уюшулган мезгилден тартып шаардын аймагындагы муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу, ижарага берүү, коомдук транспорт каттамдарын жөнгө салуу, унаа токтоочу жайларды туура уюштуруу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө.

Шаардын аймагында келишимдин негизинде автоунаалар токтоочу жайлар иретке келтирилип, шаардын көчөлөрү,базарлар тартипке келтирилди. Көчөлөрдү асфальттоо, арыктарга латокторду жаткыруу иштери жүрдү.

Шаардын аймагындагы көчөлөргө 255,7 миң сомдук шагылдар төшөлүп, мүрзөлөрдү темир тосмо менен тосууга 119,2 миң сом жумшалды. Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө элдин коопсуздугун алдын алуу максатында 57 миң сомдук жол белгилер орнотулду. Шаардын аймагында жолдордун абалын жакшыртуу менен ушул мезгилге чейин жүргүзүлбөгөн маршруттук  каттамдарды жүргүзүү колго алынып, калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында шаар ичине кичи автобустар менен атайын каттамдар ачылды. Негизги көчөлөрдө кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып, шаар иретке келтирилүүдө. Муниципалдык менчик департаменти жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытында 2014-жылга чейин жылына 144 миң сом гана киреше түшүрсө, бүгүнкү күнгө карата кирешени 1 млн 500 миң сомго көбөйттү.

«Ноокат суу каналдар» ишканасы

«Ноокат суу каналдар» ишканасы Ноокат шаарынын аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында иш жүргүзөт. Ишкана шаардын аймагындагы 1427 кожолукту, элдин 90%ын таза суу менен камсыз кылат. Шаардагы жалпы суу түтүктөрүнүн узундугу 56 чакырымды түзөт.

«Ноокат суу каналдар» ишканасынын материалдык-техникалык, финансылык базасы жыл сайын толукталып жатат. Ишкана «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын техникалык регламентинин негизинде иш жүргүзүп, тиешелүү нормаларга толук жооп берет. Залалсыздандыруу каражаттары менен толук камсыз болгон. Жыл сайын ишкананын суу топтоочу көлмөлөрүндө, суу түтүктөрдө профилактикалык жууп-тазалоо жана залалсыздандыруу жумуштары аткарылат.

Учурда көп кабаттуу үйлөргө канализация куруу боюнча долбоор даярдалып, тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

«Ноокат коммунальщик» ишканасы

«Ноокат коммунальщик» ишканасы Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты сактоо, шаарды көрктөндүрүү багытында бир топ иштерди аткарууда. Күн сайын шаардын негизги чоң көчөлөрүнө атайын техника менен суу себилип, шаардын ичинде көрнөк-жарнактар жаңыланып, «Биз таза шаар үчүн» акциялары тынымсыз өткөрүлүп турат. Шаардын аймагында тазалыкты талаптагыдай сактоо максатында «Ноокат коммунальщик» ишканасына 1 млн 288 миң сомго атайын техникалар алынды.

«Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы

2016-жылдын май айында «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы түзүлүп, калкты жана социалдык объектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо, сапаттуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо максатында иштерди колго алды. Бүгүнкү күндө калкты жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоо талаптагыдай болуп, көмүр менен толук камсыздалды.

Ноокат шаар мэриясында 2013-2016-жылдар аралыгында аткарылган иштер

Ноокат шаардык мэриясынын өздүк курамынын негизин жаштар түзөт. Бул көрүнүш кадр саясатында жаштарга жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жатканынан кабар берип турат. Ноокат шаардык мэриясында 2013-2016-жылдар аралыгында жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, инфраструктураны жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү боюнча демилгелүү иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджет мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла өстү.

Шаардын аймагында 2013-жылы 2500 м, 2014-жылы 2034 м, 2015-жылы 4245 м жол асфальтталса, 2016-жылы 760 м ички жолдор жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы асфальтталды. Жалпысынан 2013-2016-жылдар аралыгында Ноокат шаарынын аймагына 6 көпүрө курулуп, 9539 м жол асфальтталды.

2013-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин шаар аймагындагы Шаар маала, Партсъезд, Тапвалдыев, К.Жакыпов, Таштак, Тайлаков көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы ички жолдор, Алимбаев №1, Алимбаев №2, П.Мамитов, Уста-Жоро атындагы көчөлөрүнө асфальт төшөлдү.

Ноокат шаарында коомдук уюмдар, жаштар, аялдар, аксакалдар кеңештери, коомдук алдын алуу борбору, этностор аралык мамилелер боюнча кабылдама калк арасында стабилдүүлүктү сактоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, ар кандай диний агымдарга каршы күрөшүү, үй-бүлө баалуулуктарын, улуттук каада-салтты сактоо багытында ар кандай иш-чараларды уюштуруп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бардык коомдук уюмдарга атайын иш бөлмөлөр бөлүнүп берилген.

Шаардын аймагын кеңейтүү, көп кабаттуу үйлөрдү, бала бакчаларды, канализация куруу, борбордук базарды жылдыруу — Ноокат шаардык мэриясынын негизги максаты.

Жашоо күн сайын алдыбызга ар кандай маселелерди коюп, чоң өзгөрүүлөрдү жаратууга мажбурлайт. Андыктан, элибиздин келечеги үчүн ар бирибиз аракет жасап, натыйжалуу иш жүргүзүү милдетибиз. Көп улуттуу Ноокат шаарынын элин баш коштуруп, ийгиликтерге жетелеген элибиздин ырыскысы түгөнбөйт.

Шаардын бюджетине 2013-жылы 34294,1 сом, 2014-жылы 41047,1 сом, 2015-жылы 47655,6 сом, ал эми 2016-жылга карата 50310,2 сом акча каражаты бекитилип, 2013-жылга салыштырмалуу 16016,1 сомго өсүш болду.

График

Ноокат шаардык мэриясы шаардын келечегин, гүлдөп өнүгүүсүн, инфраструктурасын көтөрүү боюнча иш аракеттерин уланта берет.

Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5958
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×