При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Жалал-Абадда мас абалда унаага түшкөн 26 жаштагы кызды жыныстык катнаштан кийин сабап өлтүргөн таксист кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында атайын чакырылган такси кызматынын айдоочусу менен жүргүнчү кыз ичимдик ичип, арты кыздын өлүмү менен аяктады.

Ушул жылдын 27-ноябрында саат 15:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун четинде, Үрүмбаш токой чарбасынын экологиялык постунан Жалал-Абад шаары тарапты карай 300 метр аралыкта белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. ИИМден алынган маалыматка караганда, окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги, Сузак РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Айтылган даректен 20 метр алыстыктан болжол менен 25-28 жаштардагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Аялдын мурдунда, оң көзүнүн үстүндө жана чекесинде (оң капталы) жарааттары бар экени аныкталган.

Каза болгон аял жашыл түстөгү кыска куртка, боз түстөгү футболка, кара спорттук шым жана кыска бут кийим кийген абалда экендиги аныкталып, курткасынын чөнтөгүнөн кол телефону, тамеки табылган. Дене ташталган аймактан унааны жуу үчүн колдонулуучу чүпүрөк жана 1 даана алма табылган. Бул факты боюнча ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, табылган дене Майлуу-Суу шаарынын 1990-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин («Адам өлтүрүү») 2-бөлүмүнүн 6-пункту менен кылмыш иши козголгон. Бул оор кылмышты изин суутпай ачуу максатында тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен биргелешкен ыкчам топ түзүлгөн. Ыкчам топ бул кылмышка айдоочунун катыштыгы бар экенин аныктап, бир күн өтпөй саат 04:00дө Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун 1989-жылы туулган И.А. аттуу тургунун кармашкан.

Шектүү Жалал-Абад шаарындагы белгилүү такси кызматында өзүнүн «Хонда Фит» унаасы менен таксист болуп иштеп жүргөн. Өз көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, кылмышты спирт ичимдигин ичип, мас абалда өз ара жаңжалдашуудан улам жасаганын айткан. Анын айтымында, 27-ноябрга караган түнү аталган кыз шаардын борборунан жолуккан. Ал мас абалда колундагы сумкага 1 арак, суусундук көтөрүп чыгып, шаардын Спутник шаарчасына жеткирүүнү өтүнгөн. Шаарчага жеткенде андан ары Көк-Арт кичи шаарчасына жеткирүүнү талап кылган.

Алар жолдон сүйлөшүп, кыздын сумкасындагы аракты унаанын ичинде отуруп ичишкен. Андан кийин таксист да арак алып чыгып, чогуу ичишкен. Мастыктын арты менен экөө жыныстык катнашта болуп, кийин кыз чыр чыгарган. Андан улам таксист жигит кыздын бетине уруп, жерге жыгылган кыздын башын тепкилеп жаракат келтирген. Кыз эс-учун жоготкон соң унаанын артына салып, түн ичинде кылмыш ишин жашыруу максатында шаардын чет тарабындагы ээн талаага таштап кеткен.

Шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8462
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×