Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Тогуз-Тородо төрөттөн улам каза болгон 35 жаштагы аялдын жолдошу дарыгерлерди шалаакылык мамиле кылды деп айыптады (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунун 35 жаштагы тургуну Жанаркүл Турусбекованын төрөттөн улам каза болушуна дарыгерлердин шалаакылык мамилеси да себеп болгон. Мындай пикирин Жанаркүлдүн жолдошу Талант Миңбаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, Жанаркүл быйылкы жылдын 14-октябрынан 24-октябрына чейин Тогуз-Торо аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү патология бөлүмүндө жатып чыккан. Ооруканадан чыгары менен жумушка чыгып кеткен. Сыркоолоп үйдө жатып калган эмес. Бирок 30-октябрда ооруп калгандыктан, 31-октябрга караган түнү саат 24:30 чамасында ооруканага алып келишкен.

9

«Ооруканага менин иним алып барса дарыгерлер жок экен, мээрман айымдар тосуп алды. Дарыгерди мен алардын артынан алып бардым. Дарыгерлерге аялым эки жолу операция жолу менен төрөгөнүн билдирип, бул жолу да операция жолу менен төрөтүүнү сурандым. Алар "эртең мененки саат 08:00дө операция кылабыз, силер кете бергиле" дешти. Түнкү саат 01:00гө чейин жүрүп, эртең менен 07:30 чамасында кайрадан келсем жубайымдын көз жарганын айтышты. Мен киргенде жакшы сүйлөп жаткан, бөлмөгө которулганда да абалы жакшы эле болчу. Бирок, 31-октябрда кечки саат 18:30 чамасында кайра келсем, Жанаркүлдү жандандыруу бөлүмүнө алып кирип жатышыптыр. Эмнеге бул жакка десем, дарыгерлер "тынчыраак жатышы керек" деп жооп беришти. Ошол күнү жандандыруу бөлүмүнө кирген бойдон көзүн ачкан жок...» дейт өмүрлүк жолдошу.

Анын ырастоосунда, Жанаркүлдүн абалы начарлай баштагандыктан 1-ноябрь күнү санавиация келген.

«Санавиация келе жатыптыр деп күтүп отурсак, кадимки эле тез жардам унаасынан айырмасы деле жок унаа келди. Медициналык жабдуулары жөнөкөй экен. Келген бала кан алып келген экен окшойт. Айта кетүүчү нерсе, 31-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында ооруканада жаткан бир бейтаптын жакындары борбор калаадан чакыртышкан санавиация келди. Бирок, бейтапты жылдырууга мүмкүн болбогондуктан ошол жерден эле операция жасалып, чакыртылган унаа кайра кетти. Биз ошол эле күнү Бишкектен келген санавиацияга салалы, борборго алып кетели десек дарыгерлер болбой койгон эле. Анда заманбап жабдыктар бар болчу. Ошол учурда эле дарыгерлер бизди коё бергенде балким аман калмак... Туугандардын дагы бир күмөнү Жанаркүл төрөп жатканда анын жанында жакындары же мен болгон эмеспиз. Дарыгерлер өзү төрөгөнү жакшы дей беришет. Өзү төрөсүн деп жатып аны кыйнап коюшту окшойт», -дейт Т.Миңбаев.

Жанаркүл жандандыруу бөлүмүндө жаткан учурда РЭСке тик учак барып калып, ошол учак менен Жалал-Абад шаарындагы облустук төрөт үйүнө алынып келген. Жанында эки дарыгер жана жолдошу кошо келген.

«Облустук ооруканадагы дарыгерлер "төрөгөндөн кийин жатын кайра жыйрылыш керек, жатын жыйрылбай калгандыктан кан токтобой жатат, операция кылуу керек" дешти. Биз амандыгын тилеп, ага да макул болдук. Бирок, операция деле оң натыйжа берген жок. Биз райондогу ооруканада дарыгерлердин шалаакылык мамиле жасаганына нааразы болуп жатабыз», - деди ал.

Ошондой эле, жакындары өлкө башчысына, саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевге, Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө чейин арыз менен кайрыла турганын белгиледи.

Ал тийиштүү дарыгерлер өз жазасын алмайынча мындай жагымсыз окуялар орун ала бере турганын белгилейт. Анын белгилөөсүндө, былтыркы жылы дарыгерлердин кайдыгерлик мамилесинен ботулизмден эки атуул каза болгон. Бул факты боюнча атайын комиссия келгени менен бул иш жабылуу бойдон калган, дарыгерлерге чара көрүлгөн эмес. Мына ушуга окшогон окуялар жабылуу аяк бойдон калып, ооруканадагы кайдыгерлик мамиле жаап-жашырыла берсе дагы далай адамдар жабыр тартышы мүмкүн, деп эсептейт.

Жанаркүл Турусбекова 2011-жылдан бери «Айдай» бала бакчасын жетектеп келген.
Кесиптештеринин эскерүүсүндө айтылгандай, ал жумушуна так, адамдар менен бат тил табыша алган боорукер жана кичи пейил жетекчи болду. Ал өз алдынча изденүүсү, аракетчилдигинин артында бакчанын атын районго эле эмес облуска да тааныта алган. Быйылкы жылы райондогу бакчалардын ичинен биринчи жолу аталган бакча жайлоо бала бакчасын уюштурган. Ага кошкон салымы эске алынып, Ардак грамота да берилген.

4

Жакындары белгилегендей, Жанаркүл бала бакчаны заманбап имаратка көчүрүү үчүн тийиштүү тараптарга чуркап, каржылоо булактарын тапкан. Жаңы имараттын ачылышы быйылкы жылдын 1-октябрында болгон.

Ж.Турусбекова коомдук иштерге активдүү катышканы, билим берүү тармагына кошкон салымы эске алынып, райондук, облустук мекемелердин Ардак грамоталарына татып жүргөн. Акыркы жолу ал облустук «Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму-2016» кароо-сынагында экинчи орунга жетишкен бакчанын сыйлыгын алды.

Жанаркүлдүн артында 3 кыз, бир уулу калды. Туң кызы 11, экинчиси 10 жашта болсо, үчүнчүсү 3,5 жашта. Жанаркүл оор абалда көз жарган уулунун абалы жакшы, учурда сүт менен багылууда. Уулу айына жетпей төрөлгөндүктөн вакуумда жаткырылып чыгарылган, азыр торолуп жатат. Уулун Талант мырза апасынын жардамы менен багып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10947
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу