При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Бишкектик Б.Алиахунова түстүү жиптерден баш кийимдин түрлөрүн түйөт (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын тургуну Бегимай Алиахунова түстүү жиптерден баш кийимдин түрлөрүн түйөт. Өзгөчө кооздукка басым жасаган чеберге түстүү таштар менен кооздолгон баш кийимдерге буюртма бергендер көп.

Бухгалтер кесибине ээ болгон Бегимай учурда туң кызын кароо менен алек. Бош убактысын текке кетирбей ушул иш менен алектенүүнү чечкен.

«Менин апам чебер. Кичине кезибизде сиңдим экөөбүзгө баш кийим, кол кап, моюн орогучтардын түрүн түйүп берчү. Апама жардам берип жүрүп, мен дагы бул өнөрдү өздөштүрүп алдым. Бош убакыт тапсам эле өзүмө баш кийим түйүп алчумун. Кийин тааныштарым да кызыгып сурай баштады. Ошондон кийин буюртма ала баштадым», - деди ал. 

Бегимай түйгөн баш кийимдерди 250 сомдон 1000 сомго чейин баалайт. Анын сиңдиси да шурулардан аксессуарлардын түрүн жасайт. Эже-сиңди үйдөн интернеттин жардамында жасаган буюмдарын жарнамалашат. Буюртмалар дагы көбүнчө интернет аркылуу берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу