При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Ноокаттын акими 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген жээнин коргогонун жокко чыгарууда

Turmush -  Ноокат районунда 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген 30 жаштагы жаран убактылуу камакка алынган. Бирок аны жогорку кызматтагы туугандары коргоп жатканын жабырлануучулар белгилешүүдө.

Жабырлануучу кыздын апасы Насиба Нурматова акыйкаттык издеп барбаган жери калбаганын айтат. Ал акыркы учурларда акимдин коркутууларына кабылганын дагы белгиледи.

«Кызымды зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы жаран Ноокат районунун акими Бекболот Айтиевдин жээни. Учурда зордуктоого аракет кылган адамды аким коргоп жатат. Буга чейин тергөө иштери дагы жылдырылган. Аким тергөө иштерине дагы аралашып, иш Жалал-Абадга которулуп, кайра Ноокат райондук сотуна келди. Учурда аким сотторго дагы таасирин көрсөтүп жатат. Мындан сырткары, мени дагы коркутууга алууда. Мени Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратына чакырып алып, "эмне үчүн кызыңдын зордукталышы тууралуу айттың" деп сурап, диктафонду иштетип койду. Алар бизге ар кандай аракеттерди көрүп жатат», - деди Н.Нурматова.

Зордуктоого аракет кылуу фактысы ушул жылдын 12-июнунда болгон. Жабырлануучу кыздын туугандары райондук прокуратурага 2 күндөн кийин арызданган. Алар алгач милицияга кайрылып, бирок милиция кызматкерлери арызды кабыл алуудан баш тарткан. Бул окуяны прокуратура текшерип, шектүү катары 30 жаштагы А.Х.ны кармашкан.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Айсалкын Карабаева бул ишти аким жабууга аракет кылып жатканын белгиледи.

«11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран акимдин жээни экен. Аким тергөө иштерине дагы таасирин тийгизип, Ноокат районундагы ишти Жалал-Абадга чейин өткөрүп жиберди. Алар жабырлануучулар ал жакка бара албайт деген ойдо болгон. Эми сот отурумуна кыздын ата-энесин катыштырбай, мугалими катышсын деп түшүнүксүз иштерди жасап жатышат. Мугалимге караганда кызга ата-энеси жакын», - деди жактоочу.

Айтылып жаткан дооматтарды четке каккан Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев бул ишке аралашпаганын белгиледи.

«Биз мыйзамдын адамдарыбыз. Мен бул ишке аралашкан жокмун. Күнөөлүү тарапты мыйзам аныктайт. Күнөөсү барлар жооп берсин. Жабырлануучу кыздын апасын чакырганым чын, бирок аны коркуткан жокмун. Алар мени бул ишке аралашып жатат деп айыптагандан улам, бул сөздү кандай максатта айтканын сурадым», - деди Б.Айтиев.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул ишти Ош шаардык соту декабрь айында карай турганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9882
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу