Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баткен

Зардалыда бийлик курулат деп убада берген көпүрөнү эл кышында ашар жолу менен куруп жатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү Зардалы айылына баруучу негизги көпүрөнүн курулушуна бийлик тараптан жардам берилбей, эл көпүрөнү ашар жолу менен куруп жатат. Бул тууралуу Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттары билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июнь айында Зардалы айылына баруучу негизги көпүрөнү сел алып кеткен. Ошол убактан бери көпүрөнүн курулуш иштери бүтө элек. Бийликтен эч кандай жардам болгон эмес.

Зардалы айылы райондун борборунан 120 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Кышкысын кар жаагандан тарта унаалардын каттамы токтойт. Учурда айылга баруу үчүн Зардалы айылынын тургундары 20 чакырым жолду жөө басышат. Ошондой эле, аталган алыс жолду басып өтүү үчүн Даңги капчыгайынан өтүү керек. Жолдун алыстыгына карабай, аргасыздан азык-түлүктөрдү да атка жүктөп ташып келишет.

Көпүрөнү сел алган учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмузаев жеринен кабар алып, көпүрө тез аранын ичинде оңдолоорун айткан. ӨКМ көпүрөнүн курулушуна материалдарды жөнөткөнүн, жакында курулуш иштери баштала турганын кабарлаган. Бирок, эч кандай курулуш иштери башталган эмес. Зардалынын эли колго жыгачтан жасалган кооптуу көпүрөдөн каттап келишкен. Бирок, Баткен облусунун жетекчилиги аталган көпүрө оңдолуп, эл колго жасалган жыгач көпүрөнү колдонбой, унаалар да каттап калгандыгын билдирген эле.

Учурда Кара-Бак айыл өкмөтүнүн туругундары кезек менен иштеп жатышат. Бир күнү көпүрөнү куруу иштерине 1989-жылы төрөлгөн жигиттер чыкса, эртеси 1990-жылы төрөлгөн жигиттер иштейт. Ал эми, курулушка катышпагандар иштеп жаткандарды тамак-аш менен камсыздоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
pandro
12:58, 23 ноября 2016
Жээнебекова в отставку, вес аппарат правительство в отставку, сотрудники апппарата бездельничают, играют в карты и нарды.

Никакой обратной связи нету, раз было обращение надо контролировать, этого никто не делает.

Мост это один из примеров, есть куча примеров где люди обращаются по проблеме дороги внутри сел, где все в слякоти. Все эти вопросы никто не мониторит...

Правителсьтво не работает и не обращает на проблему жителей сел....уходите в отставку... ааккхххх, тффу на вас!
Көп окулду
×